26
Январь
2013
Бүгүн, 26-январда, Өкмөт Үйүндө министрликтер менен ведомстволордун басма сөз кызматтарынын жетекчилери жана кызматкерлери үчүн КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү менен КР Президентинин алдындагы башкаруу Академиясы биргелешип уюштурган семинары өтүүдө.
Семинардын биринчи окуу циклинин алкагында республикалык министрликтердин жана ведомстволордун басма сөз кызматтарынын жетекчилери, кызматкерлери төмөндөгүдөй темалар менен таанышат:
-жаңы медиалардын тарыхы;
-жаңы медиаларды иште колдонуу;
- массалык маалымат каражаттардын жаңы медиа менен байланышы;
-журналистикада кантип акча жасаса болот?;
-жаңы медиада журналисттердин жаңы орду.
Семинардын кезектеги окуу циклинде угуучулар үчүн төмөндөгүдөй темалар сунушталат:
-медиапландоонун компоненттери, тарыхый маалымат, медиапландоо деген эмне?
- массалык маалымат каражаттарды талдоо жана тандоо;
-мамлекет жана массалык маалымат каражаттар;
-медиапландоонун натыйжалуулугунун чен көрсөткүчтөрү.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү