19

Октябрь

2015

Социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.А.Сариевдин куттуктоосу

Урматтуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлери!

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктаймын.

Сиздер өз эмгегиңиздерди эң баалуу ишке – мамлекеттин жардамына жана камкордугуна муктаж жарандарды колдоо ишине арнап келесиздер. Алар эң оболу, улгайган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, согуштун жана эмгектин ардагерлери, турмуштук кыйын кырдаалга туш болгон үй-бүлөлөр. Ал эми мамлекеттин социалдык саясатынын борборунда балдар – биздин келечектеги муундарыбыз турат. Кыргызстандын социалдык чөйрөсү бүгүнкү күндө ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын 2,0 миллиондон ашык кызматкерин, 597,0 миң пенсионерди, 168,1 миң ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамды, анын 16%ын балдар түзөт, ошондой эле ата-энесинин багуусунан ажыраган 1466 баланы коргоону камсыздайт. Учурда 900гө чукул социалдык кызматкер 9 миңден ашуун жалгыз бой улгайган жарандарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды тейлешет. Учурда социалдык тейлөө системасын реформалоонун шарттарында иштин жаңы формалары жана методдору киргизилип, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн көптөгөн иштер аткарылып жатат. Сиздердин ар күнү аткарган ишиңиздер натыйжалуу социалдык саясатты ишке ашырууга, адам укуктарынын, гумандуу идеялардын  артыкчылыгын бекемдөөгө, коомдо социалдык биримдикти жаратууга мүмкүнчүлүк түзөт. Боорукердик, сабырдуулук, жардамын       аябагандык – социалдык кызматкерлердин эң башкы сапаттары болуп саналат, алар алсыз жана коргоого муктаж адамдардын эң акыркы үмүтү болуу менен адамкерчиликке, адилеттүүлүккө жана боорукердикке болгон ишенимин жогорулатат, жан дүйнөсүнө жакшылык тартуулайт. Ошондой эле биздин жалпы максатыбызды – кызматкерлердин социалдык-эмгектик укуктарын коргоонун бийик салттарын уланткандыгы үчүн бардык профсоюздук кызматкерлерге жана активисттерге терең ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Кыргызстандын эмгекчилеринин таламдарын коргоо менен профсоюздар башкы милдетти –  жумушчулардын мыйзамдуу укуктарын жана турмуштук кызыкчылыктарын коргоону татыктуу ишке ашыруу менен социалдык-эмгек мамилелеринин чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө, социалдык өнөктөштүктүн механизмдерин чыңдоого эң активдүү катышып, эмгек адамдарынын жашоо-тиричилигинин деңгээлин реалдуу жакшыртууга, жумуш орундарын сактоо маселелерин чечүүгө аракеттенишүүдө.           Урматтуу социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлери! Сиздерге жаңы чыгармачылык ийгиликтерди, биздин республикабыздын гүлдөп-өсүшү үчүн жемиштүү иштерди каалайм. Сиздерге жана сиздердин жакындарыңыздарга бакыт-таалай, бакубат жашоо жана бекем ден соолук тилейбиз! Биргелешкен күч-аракеттердин натыйжасында биздин Кыргызстандын гүлдөп-өнүгөөрүнө жана дүйнөлүк социалдык баалуулуктардын системасында анын татыктуу орунга жетээрине терең ишенем!

Премьер-министр                                                                           Т.А.Сариев