05

Август

2020

Социалдык чөйрө – мамлекеттин артыкчылыктуу багыты

Өкмөт түзүлгөн оор кырдаалга карабастан авариялык абалдагы мектептерди 2020-жылдын аягына чейин оңдоо иштерин бүтүрүүнү камсыздайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов брифингде билдирди. 

Өкмөт башчы белгилегендей, мектептерди оңдоп-түздөө иштерине жумшала турган каражаттын булагы чечилген.

«Covid-19 пандемиясынан улам түзүлгөн бюджеттик татаал кырдаалга карабастан, бир нече мектепте оңдоо иштери жүрүүдө. Авариялык абалда деп чечим чыгарылып, окуучулар башка имаратта окуп жаткан айылдардагы билим берүү жайларын быйылкы жылдын соңуна чейин колдонууга берүү боюнча иштер кызуу жүрүүдө», - деди Премьер-министр.