17
Сентябрь
2014
Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш Бажы биримдигинин эреже, ченемдерин сактоо жана колдонуу маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтөт
Бүгүн, 17-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында КР Өкмөтүнө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин кезектеги жыйыны болуп өттү.
Жыйындын жүрүшүндө күн тартибиндеги маселелердин бири – ББ рыногуна товарлардын жеткиликтүүлүгү маселеси талкууланды. Сөз техникалык жөнгө салуу, санитардык, ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык чараларды колдонуу боюнча атамекендик товар өндүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштерин өткөрүү тууралуу жүрүүдө.
Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт ишкерлер арасында ББ кирүү маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө маани берет.
“Мындан ары карай дагы Бажы биримдигинин техникалык регламенти боюнча атамекендик ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү зарыл. Ишкерлер Бажы биримдигине кирүүгө байланыштуу бардык кызыккан суроолоруна жооп алуусу тийиш. Буга байланыштуу бизнес-коомчулуктун өзү да активдүүлүк көрсөтүүсүн жана тийиштүү мамлекеттик орган өкүлдөрүнүн катышуусунда семинар жана тренингдерди өткөрүүнү сунуштайм”, — деди Жоомарт Оторбаев.
КР Ветеринардык палатасынын аткаруучу директору Жолдошбек Дадыбаев Премьер-министрдин суроосуна жооп берүүдө, республиканын Бишкек, Ош жана Нарын шаарларында атамекендик товар өндүрүүчүлөрү үчүн ББ продукция сатуу шарттарынын маселеси боюнча семинарлар жана тренингдер өткөрүлгөндүгүн билдирди.
“Биз тараптан бизнесмендер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо көрсөткөндөй, алардын 10% кеми гана ББ кирүү эрежелери тууралуу маалыматы жетишсиз болсо, ал эми ишкерлердин 69% тийиштүү маалыматка ээ. Бирок бул жетишсиз болуп саналат, кеминде 80% бизнесмендер жогорудагы маалыматтарга эгедер болушу абзел. Биз ББ кирүү боюнча ар-кыл маалыматтык китепчелерди чыгарып жана маалымат-кеңеш берүү пункттарынын ишин кеңейтүүбүз керек”, — деди ал.
Рынок, соода ишканалары жана тейлөө тармагы ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев белгилегендей, өлкө аймактарындагы бизнесмендердин дагы да болсо ББ техникалык регламенти жөнүндө түшүнүгү начар.
Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, 40 нормативдик-укуктук акты иштелип чыгып, анын 38и – мыйзам базасын ББ базасы менен шайкеш келтирүү боюнча мыйзам долбоору болуп саналат.
“Бүгүнкү күндө Бажы биримдиги өлкөлөрү Бирдиктүү техникалык регламентти жетекчиликке алышат. Биздин өлкө ББ кирген соң, биз дагы аталган регламент алкагында иш алып барабыз. Учурда өндүрүлгөн атамекендик продукциянын белгилүү бөлүгү ББ техникалык регламентине дал келбейт. Бул актай жерлерди жоюу үстүндө бизнес-коомчулук менен бирдикте иш жүргүзүлүүдө. Кыргыз аккредитациялоо борбору түзүлдү. Бүгүнкү күндө республика боюнча 87 аккредиттелген лаборатория бар, алар көптөгөн өлкөлөр тарабынан таанылган. Биз үчүн лабораторияларыбыз ББ өлкөлөрүнүн юридикалык жактары катары эсептелген лабораториялардан турган Бажы биримдигинин Бирдиктүү тизимине киргизилиши маанилүү. Азырынча Бирдиктүү тизимге болжол менен 33 лабораторияны жана сертификация боюнча 10 органды киргизүү сунушталууда», — деди министр.
Аталган маселени талкуулоо жыйынтыгы боюнча тийиштүү министрлик жана ведомстволорго бизнес өкүлдөрүнө үзгүлтүксүз негизде Бажы биримдигинин талаптарын түшүндүрүү жана аны иш жүзүндө колдонуу боюнча семинар жана тренингдерди уюштуруу сунушталды.
КР Экономика министрлигине жана жергиликтүү бийликке ишкерлер үчүн Бажы биримдигинин талаптарын жана эрежелеринин түшүнүгүн камтыган кыргыз жана орус тилиндеги маалыматтык китепчелерди чыгарууну ишке ашыруу сунушталды.
Ошондой эле Экономика министрлигине донордук уюмдар көмөгү аркылуу ББ ченем, эрежелери боюнча он-лайн режиминдеги, анын ичинде көзмө-көз кеңеш берүүнү камтыган маалыматтык кеңеш берүүчү пункттардын тармагын кеңейтүү сунушталды.[su_carousel source="media: 41905,41903,41902,41901,41900" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]