18
Сентябрь
Кыргыз Республикасынын отун карталарынын сайты түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаевдин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү тарабынан «Инфоком» мамишканасынын техникалык колдоосу алдында Кыргыз Республикасынын отун карталарынын сайты түзүлдү.
Интернет-сайт 2014-2015-жылдарга карата күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча маалыматтык-түшүндүрүү компаниясынын алкагында, ошондой эле учурдагы көмүргө карата баалар жана республика боюнча отундун сатылыш ордун маалымдоо максатында иштелип чыккан. Сайт ozp.okmot.kg домендик дареги боюнча жайгаштырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн www.gov.kg расмий сайтында көрсөтүлгөн сайтка шилтеме берилген баннер жайгаштырылган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү