06
Ноябрь
Инвестдолбоорлорду баалоо жана талкуулоого жарандардын катышуусу үчүн электрондук аянтча түзүлдү
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан инвестициялык долбоорлорду баалоо, мониторингдөө жана талкуулоого жарандардын катышуусу үчүн атайы электрондук аянтча (www.projects.minfin.gov.kg) түзүлдү.
Электрондук аянтчаны түзүү максаты – өлкө жарандарынын маалыматка карата жеткиликтүүлүгүн, ошондой эле пландалып жана ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлорду көзөмөлдөө жана баалоо мүмкүндүгүн камсыздоо.
Аталган тутумду түзүү боюнча иш үстүбүздөгү жылдын июнь айында башталган. Финансы министрлиги тарабынан министрлик жана ведомство адистеринин сунуштарын эске алуу менен электрондук аянтчанын негизги жана типтүү беттеринин дизайнынын концепциясы иштелип чыккан.
Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында www.projects.minfin.gov.kg электрондук тутуму тестирлөө режиминде ишке киргизилген, министрлик жана ведомстволордун катарынан ишке ашырылып жана пландаштырылып жаткан долбоорлордун алкагындагы өз баракчаларын кабарлоо иретинде жоопкер кызматкерлер аныкталган. Жоопкер модераторлордун милдетине ишке ашырылып жана пландаштырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалыматтарды коюу, жаңы катталгандарды тастыктоо, өз ведомствосунун долбоорлоруна карата түшкөн сын-пикирлерге жооп кайтаруу жана инвестдолбоорлордун ишке ашырылышынын жүрүшү тууралуу статистикалык маалыматтарды жүргүзүү кирет.
Учурда бардык сунуш-пикирлерди эске алуу менен www.projects.minfin.gov.kg толук кандуу электрондук аянтча ишке киргизилген.
Ар-бир пайдалануучуда төмөнкү мүмкүнчүлүктөр пайда болду:
- министрлик жана ведомстволордун долбоорлору менен таанышуу,
- өз комментарийлерин калтыруу,
- долбоорлорду баалоо жана аткаруучу органдар менен талкуулоо үчүн долбоорлор боюнча өз алдынча сунуштарды берүү.
Өкмөт жарандык коомчулукту инвестдолбоорлорду талкуулоого активдүү катышууга чакырат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү