15
Апрель
2015
“Капиталдык салым” беренеси боюнча курулуучу мектептерге тендерлердин уюштурулушун жана өткөрүлүшүн көзөмөлдөө боюнча комиссия түзүлдү
Тийиштүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду.
Аталган документ долбоордук жана курулуш-монтаждык иштерге, типтүү мектеп долбоорлорун иштеп чыгууга тендерлердин уюштурулушун жана өткөрүлүшүн көзөмөлдөөнү ишке ашыруу максатында кабыл алынган.
Ошондой эле бул документ бюджеттин “Капиталдык салым” беренеси боюнча каржыланган обьекти жана курулуш тизмесинин негизделишин көзөмөлгө алууну ишке ашырууга багытталган.
Буйрукка ылайык, комиссия өткөрүлгөн жана өткөрүлүп жаткан тендерлердин коррупциялык схемаларын аныктоо үчүн комплекстик талдоону ишке ашырат.
Буга катар Комиссия мүчөлөрү энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү менен жалпы билим берүүчү мекемелердин типтүү долбоорлорунун варианттарын, ошондой эле өтө кыска мөөнөттө долбоордук-сметалык документтерди бекитүү механизмдерин иштеп чыгуусу тийиш.
Өткөрүлгөн иш жыйынтыгы боюнча Ведомство аралык комиссия мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атына тийиштүү сунуштарды киргизүүсү керек.
Белгилесек, Ведомство аралык комиссиянын төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дамира Ниязалиева саналат.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү