03
Май
Бүгүн, 2-майда Кумтөр кениндеги металл аралашпаган жер катмарынын жылышына байланыштуу жагдай боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кызыктар министрликтер менен ведомство жетекчилери жана «Кумтор оперейтинг Компани» компаниясынын президенти Майкл Фишердин катышуусунда жумушчу жыйын өткөрдү.
Жыйында кен чыга турган жерде жер катмарынын жылышы божомолдонуп келгени, бирок апрель айынан баштап бул процесс тездик менен өнүгө баштаганы байкалганы белгиленди.
Кумтор оперейтинг Компани» компаниясынын президенти М.Фишер кен чыга турган жердеги инфраструктураны, электр чубалгыларын жана трансформаторлорду жылдыруу, долбоорду даярдоо жана катмарды альтернативалык аймакка жайгаштыруу боюнча маалыматтарды берди.
Жыйында Өкмөт башчы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын жетекчиси Осмонбек Артыкбаев башында турган атайын комиссия түзүү чечимин кабыл алды. Ал комиссиянын курамына министрлик менен ведомство жетекчилери, көз карандысыз эксперттер жана мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрү мүчө катары киргизилет.
Аталган жумушчу комиссиясына 3-майда массалык маалымат каражаттарынын катышуусунда Кумтөрдүн аталган аймагы менен жеринде таанышуу, объективдүү маалыматтарды берүү тапшырмасы берилгенин билдиребиз.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү