25
Март
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды
Жеке жактар жана ишкерлер үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 2020-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев билдирди.
Мындай чечим Республикалык штаб тарабынан Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында өзгөчө абал режими киргизилгендигине байланыштуу кабыл алынды.
Маалымдама: Бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү бар жеке жактар милдеттүү. Ошондой эле декларацияны юридикалык жак түзбөстөн ишмердүүлүк жүргүзгөн дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга тийиш.