24

Октябрь

2015

Стандартизация жана метрология күнү менен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Т.А.Сариевдин куттуктоосу

Урматтуу стандарташтыруу жана метрология кызматкерлери!

           Сиздерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар-Стандартизация жана метрология күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Техникалык жөнгө салуу тармагындагы ишмердикти өнүктүрүү техникалык регламенттердин далилдөөчү базасын камсыз кылуучу ЕАЭБнин мамлекет аралык стандарттарын  иштеп чыгуу процессине катышууну,   сыноо дараметин өнүктүрүү,  метрологиялык иштерди таанууга багытталган макулдашууларды жана келишимдик – укуктук базаны иштеп чыгууда катышууга  мүмкүнчүлүк берет. Биздин алдыбызда эң чоң жумуштар турат, биздин ал ийгиликтүү иштерибизден ата мекендик өндүрүштүн өсүү темпи, анын экономикалык өсүүсү жана рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү көз каранды .

Эл аралык, Европалык, жана аймактык стандартташтыруу , метрология боюнча уюмдардын иштерине активдүү катышуу эл аралык аренада биздин кадыр баркыбыздын жогорулоосуна алып келип, республикага алдыңкы тажрыйбаларды улуттук кызыкчылыктарга пайдаланууга соодадагы техникалык барьерлерди азайтууга, кыргыз продукциясына болгон ишенимди бекемдөөгө  көмөктөшөт. Келечектеги биздин бирден - бир  милдеттерибиздин бири- эл аралык уюмдардын ишиндеги   ролун жогорулатуу жана ага  катышууну мындан ары кеңейтүү. Жакынкы мезгилде Метрикалык конвенциянын толук укуктуу катышуучусу болуу менен биздин улуттук эталондорду  эл аралык деңгээлде толук масштабда таанууга жетишүүбүз керек. Биздин приоритеттүү максатыбыз- өнөр жай жана экономиканы туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылууга  инновациялык технологияларды жана менеджмент методдорун өркүндөтүү, ошондой эле биздин жарандардын жашоо деңгээлин көтөрүүгө  жалпылап  көмөктөшүү. Бул максаттардын баарына жетишүү биздин ишмердүүлүгүбүздүн бардык тармактарын өркүндөтүү менен тыгыз байланышта . Өз эмгектерин, билимдерин биздин жалпы ишибизге жумшап жаткан бардык адистерди бүгүнкү Кыргызстандарттын  мааракеси менен, Стандартташтыруу күнү менен менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздерге жаңы ийгиликтер жана жетишкендиктер каалайм! Премьер-министр                                                                           Т.А.Сариев