28
Ноябрь
Бүгүн, 27-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн жыйынында 2020-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын 2020-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы талкууланды.
Аталган маселе боюнча Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев доклад жасады.
Анын айтымында Стратегиянын максаты калктын жана экономиканын айыл чарба азыктарына болгон керектөөсүн толугу менен канааттандыруу жана өлкөнүн азык түлүк коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле өндүрүштүн өсүшү, продукциялардын сапатын жогорулатуу, айыл чарбасынын эффективдүүлүгү болуп эсептелет.
Стратегиянын милдеттери: мал чарбачылыгынын өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн көлөмүн өстүрүү, айыл чарбасында суу ресурстарын башкарууну өркүндөтүү, жер рыногун, кайра иштетүү секторун, кооперацияны өнүктүрүү, инновацияны киргизүү жана сооданы өнүктүрүү, ошондой эле айыл чарбалык каржылоо тутумун өнүктүрүү.
Стратегиянын инвестициялык планын каржылоонун көлөмү 38 млрд. 955 млн. сомду түзөт.
Стратегияны ишке ашыруунун үзүрү болуп азык-түлүк коопсуздугунун сапаттуу жакшырышы, өндүрүштүн, айыл-чарбасында атаандаштык мүмкүнчүлүгүнүн жана экспорттун өсүшү, ошондой эле айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кирешесин көбөйүшү эсептелет.
Өкмөт мүчөлөрү Стратегия такталууга, атап айтканда долбоордук менеджементти киргизүү зарылчылыгы бар экендигин белгилешти.
Айтылган сын-пикирлер менен толуктоолор эске алынып Стратегия кайрадан иштелип чыгууга жиберилди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык саясат бөлүмү