22

Июнь

2015

Онтарио соту “Кыргызалтын” ишканасынын апелляциясын канааттандырды

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Соттук өкүлчүлүк боюнча борбору түркиялык “Систем Мүхендислик” компаниясынын ишине байланыштуу арбитраждык доо боюнча Канаданын аймагында Эл аралык дооларды жөнгө салуу борборунун 2009-жылдын 9-сентябрында кабыл алган чечимин аткарууга байланыштуу төмөнкүлөрдү маалымдайт:

Жалпыга белгилүү болгондой, 2014-жылдын 15-апрелинде Онтарионун Жогорку Соту “Систем Мүхендислик” компаниясынын ишине байланыштуу чечим чыгарган. Анда  Кыргызалтын” ААКсы  “Центерра Голддун” акцияларына бенифицардык укукка ээ экени жана Шериф чечимди аткаруу үчүн аталган акцияларды жана дивиденддерди камакка алуусу тийиш экени айтылган.

Онтарионун Жогорку Сотунун бул чечимине каршы “Кыргызалтын” ААКсы 2014-жылдын 15-апрелинде апелляциялык арыз жолдоп, соттун чечимин аткарууну токтотууну суранган.

2015-жылдын 19-июнунда Онтарионун Апелляциялык соту “Кыргызалтын” ААКсынын апеллациясын канааттандырып, Онтарио Жогорку Сотунун судьясы Торбондун 2014-жылдын 15-апрелиндеги  чечимин жокко чыгарды.

Мындай чечимди кабыл алууга Онтарионун Жогору Соту 2014-жылдын 15-апрелинде чечим чыгарууда соттук процедураны бузуу менен, Канаданын мамлекеттик иммунитети тууралуу мыйзамдарында талап кылынган сот чечими тууралуу Кыргыз Республикасын кабардар кылбаганы негиз болду.

 КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү