22
Июнь
Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелери бекитилди
Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн коопсуздук эрежелери бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Аталган Коопсуздук эрежелери Кыргыз Республикасында суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттерди эксплуатациялоодо коопсуздукту күчөтүү жана авариялык кырдаалдардын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында кабыл алынган.
Коопсуздук эрежелеринде авариялык кырдаалдарда материалдык зыянды азайтуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусун эске алуу менен суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттердин коопсуздугун күчөтүү, аларды пайдаланууда жана аларда ар түрдүү иштерди аткарууда жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын коргоо каралган.
Суюлтулган көмүр суутек газдарын пайдалануучу объекттер үчүн кабыл алынган коопсуздук эрежелери жазылган жоболордун жана жабдууларга, аны маркалоого, кызматкерлерди квалификациялоого карата талаптардын негизинде ишкерлерге алдын алуу чараларын көрүүгө, кызматкерлерди персоналды өз убагында окутуудан өткөрүүгө шарт түзөт. Бул авариялык кырдаалдардын алдын алууга өбөлгө болот.
Коопсуздук эрежелери суюлтулган көмүр суутек газдар менен байланыштуу процесстерге жана жабдууларга карата коопсуздук талаптары кирген 11 бөлүмдөн турат.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү