22
Август
Төлөнбай Кожобаев Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта буйрукка кол койду. Ага ылайык, Кожобаев Төлөнбай Жанибекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Россия Федерациясындагы кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын коргоо жана аларга кам көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн ишин толугу менен колдоп, алардын муктаждыктарын чечүүгө кызыкдар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын
маалыматтык камсыздоо бөлүмү