19

Май

2015

Т.Сариев: «Коомчулук укук коргоо органдарынан укук тартибин камсыздоо боюнча чечкиндүү жана натыйжалуу аракеттерди күтүүдө”

Бүгүн, 19-майда, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариевдин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча кеңешме болуп өттү. Премьер-министр өз сөзүндө билдиргендей, укук коргоо органдары – бул мамлекеттин жазалоо куралы эмес, ал жарандардын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү социалдык кызмат көрсөтүү болуп саналат. Мындай кызмат көрсөтүү натыйжалуу болуш үчүн укук коргоо органдарынын катары таза жана адилеттүү болуш керек. «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн келечектүү милдеттеринин бири катары Кыргыз Республикасынын Конституциясында көрсөтүлгөн мыйзамдуулукту сактоо, жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү эсептелет», - деди Темир Сариев.   Өкмөт башчы өлкөдөгү укук тартибин колдоого жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого, биринчи кезекте криминалитеттин мыйзамга каршы аракеттеринен коргоого багытталган алдын алуучу чаралардын кабыл алынуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. «Жыйында каралып жаткан маанилүү маселелердин катарына өлкөдөгү коомдук тартипти камсыздоо боюнча чаралар кирет, бул маселе республикадагы коомдук-саясый абалдын турукташып калгандыгына карабастан актуалдуу бойдон калууда», - деди ал. Ошондой эле Премьер-министрдин пикиринде, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты катары туристтик мезгилдеги коомдук тартипти, жарандардын жана меймандардын коопсуздугун камсыздоо болуп саналат. «Республиканын курорттук аймактары, өзгөчө, Ысык-Көлдүн жээги укук тартибин камсыздоонун үлгүсү болуусу тийиш. Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине карата шайлоолордун алдында да өз актуалдуулугун сактоодо. Биз ачык-айкын шайлоолордун өткөрүлүшүн гана камсыздабатсан, деструктивдүү элементтер тарабынан өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу боюнча ар-кыл аракеттердин алдын алуубуз керек», - деп белгиледи ал. Ошондой эле Өкмөт башчы өлкөдөгү улуттар аралык ынтымак темасын да козгоп, Кыргызстандагы улут аралык ынтымактын сакталышынын зарылдыгын белгиледи. Темир Сариевдин айтымында, өлкөдө үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси да тынчсызданууну пайда кылууда. «Жаш балдарды кордоо фактысы да акыркы кездери укук коргоо органдары тарабынан көп аныкталууда, бирок ал көрүнүштү жазалоо ыкмалары менен гана жоюуга мүмкүн эмес. Биз жосунсуз жоруктарды жасап жаткан жактарга гана эмес, алар жасаган фактылар тууралуу билдирбеген жактарга жол бербөө шартын түзүүгө милдеткербиз. Мындай кылмышка тиешеси бар адамдар тийиштүү жоопкерчиликке тартылуусу кажет», - деди ал. Премьер-министр кеңештин катышуучуларын координацияланган иш-аракеттер аркылуу түзүлгөн кырдаалды өзгөртүүгө жана жарандардын коопсуздугун иш жүзүндө тийиштүү деңгээлде камсыздоого чакырып кетти. «Коюлган максатка жетүүдө тартип камсыздоочулардын өзү тараптан мыйзамдуулук жана кызматтык тартиптин сакталышы маанилүү”, - деди Темир Сариев. Өкмөт башчы укук коргоо органдарынын тутумун реформалоону жыйынтыктоо зарылдыгын белгиледи. «Элибизге коюлган милдеттерди компетенттүү чече алган, авторитеттүү, коомчулуктун колдоосуна жана ишенимине ээ болгон укук коргоочу органдар керек. Учурда коомчулук укук коргоо органдарынан укук тартибин камсыздоо боюнча чечкиндүү жана натыйжалуу аракеттерди күтүүдө», - деп жыйынтыктады Темир Сариев.[su_carousel source="media: 55301,55302,55303,55304,55305,55306,55307,55308,55309,55310,55311,55312,55313,55314,55315" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 52531,52532,52533" limit="50" link="image" height="340" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51884" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51584,51585,51586,51587,51588,51589,51590,51591,51592,51593" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51233,51232,51231,51230,51229,51228,51227,51226,51224" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 51090,51091,51092,51093,51094,51095,51096,51097,51098,51099,51100,51101,51102,51103" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49743,49742,49741,49740,49739,49738,49737,49734,49733,49732,49731,49730,49729" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 49729,49730,49731,49732,49733,49734,49735,49737,49738,49739,49740,49741,49742,49743" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47619,47620" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47572,47571,47570,47569,47568,47567,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47567,47568,47569,47570,47571,47572,47558,47557,47556,47555,47554,47553,47552,47551,47550,47549,47548,47547,47546,47545,47544" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 47544,47545,47546,47547,47548,47549,47550,47551,47552,47553,47554,47555,47556,47557" limit="50" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46968,46967,46969,46970,46971,46972,46976,46975,46974,46973" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 46952,46953,46954,46955,46956,46957,46958,46959,46960,46961,46962,46963,46964,46965,46966,46967,46968,46969,46970,46971,46972,46973,46974,46975,46976" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү