08

Февраль

2013

Бүгүн, 8-февралда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев  КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясынын ишине катышты. Коллегиянын ишинде 2012-жылдын жыйынтыгы жана 2013-жылга карата  пландар талкууланды. 

Негизги доклад менен сүйлөгөн сөзүндө Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Келдибек Ибраев былтыркы жылы авто унаа жолдорун оңдоого жана кароого  1 634,1 млн. сом каралып каржыланганын, ал 2011-жылга салыштырмалуу 107,5 пайызга көп болгонун белгиледи. “2012-жылы жол ишканалары , 1698, 5 млн. сом көлөмүндөгү иштерди аткарышкан , бул 2011-жылга салыштырмалуу136,4 пайызга жогору.. былтыркы жылы 375,0 чакырым жол оңдолгон”,- деп Т. Сарпашев констатациалады. 

Жолдорду калыбына келтирүү маселесин талкуулап жаткан маалда  битум сатып алуу маселеси боюнча талаш болду. Бугу байланыштуу Тайырбек Сарпашев  Транспорт жана коммуникациялар министрлигине битумду эрте сатып алууга тапшырма берди. “Битумду сатып алуунун тендерин жыл башында арзан кезинде өткөрүү зарыл. Жаз келип жол оңдоо иштери көбөйгөндө битумдун баасы жогорулап , ар бир чакырым жолдун оңдолушу да кымбаттайт. Битум алуу тууралуу келишимдерди эрте башталып апрель айында жол ишканалары аны менен камсыз болушу керек”-, деди вице-премьер-министр Т.Сарпашев. 

Министрдин орун басары К.Ибраев чет элдик инвестиция менен калыбына келтирилип жаткан долбоорлорго токтолду. “Өткөн жылы толук масштабдуу жүрүп жаткан 7 долбоордун ичинен 6 долбоорлордо негизги иштердин жалпы көлөмдөрү бүткөрүлүп Ош-Сарыташ-Иркештам жолунун ачылышы камсыздалды. Ошондой эле 136 чакырымдык Сарыташ-Карамык жолу ачылды. Ош-Баткен-Исфана жолунда 92 чакырымдык Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен өткөрмө жолунун бүткөрүлүшү менен Сох анклавын тоскоолдуксуз айланып өтүү мүмкүнчүлүгү берилди”, - деп белгиледи.

Андан соң аба жана темир жол транспортторундагы абал тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин статс-секретары Максатбек Дыйканбаев тааныштырды. 

Телекоммуникациялар, интернет тармагын, уюлдук байланыштарын  өнүктүрүү тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министринин  орун басары Нурлан Баяман маалымат берди. 

Коллегиянын ишинин жүрүшүндө министрликтин кызматкерлери Т.Сарпашевден былтыркы жылдын декабрь айында Кытай экспорттук-импорттук Банкы менен макулдашылган Ош—Баткен—Исфана авто жолунун айрым участокторун  калыбына келтирүү үчүн  129,8 млн. АКШ долларын бөлүп берүү тууралуу келишимди ратификациялоону тездетүү маселеси боюнча кайрылышты.

Вице-премьер-министр бул долбоорду ишщке ашырууга Өкмөт кызыкдар экендигин билдирип, маселени тездетүүгө ишеним билдирди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү