05

Ноябрь

2013

Бул туурасында 5-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев “Мамлекеттик массалык маалымат каражаттары: жаңы чындыктар, көйгөйлөр жана өнүгүү перспективалары” аталышындагы тегерек стол отуруму учурунда айтты.

Форумду ачып жатып, Тайырбек Сарпашев Кыргызстанда массалык маалымат каражаттары мамлекет менен коомчулуктун ортосунда таасирдүү ортомчу боло алгандыгын белгиледи.

“Кыргызстанда сөз эркиндигин өнүктүрүүгө, өлкөдө болуп жаткан окуяларды  элдин калың катмарына жеткирүү үчүн массалык маалымат каражаттарына толук ыйгарым укук берилген. Көз карандысыз аналитиктердин баамында, апрель революциясына чейин бир топ атамекендик ММКлардын ролу ошол кездеги жетекчиликтин кабыл алган чечимдерин үгүттөө менен чектелген. Ошол эле учурда, өкмөт алдындагы ММКлар баардык мүмкүнчүлүктөрү менен мамлекеттик бийликтин белгисиз реформаларын актоого жан далбасташкан. Ал эми, оппозициялык басылмалар, телевидениелер тескерисинче аларды катуу сындашкан. Анткен менен, тигил да бул да тарап өлкөнүн күн тартибиндеги көйгөйлөрүн татыктуу анализдөө деңгээлине чыга алышкан эмес”,- деди ал.

Бийлик менен ММКлар ортосундагы кызматташтык туурасында айтып жатып, Вице-премьер-министр мамлекет жарандарга баардык  маалыматтарды  алууга (жашыруун маалыматтардан сырткары)  жолтоосуз мүмкүнчүлүк түзүп берүүсү абзел деп, сындын жазыксыз экендигин, журналисттер тарабынан мыйзамдуу чогултулган материалдарга чектөө жана цензура жок деген оюн айтты.

“Журналисттер да, бийлик да эркин жана ачык коом доорунда  биргелешип иштөөнүн татаал маданиятын өздөштүрүүгө тийиш. Ал тургай демократиялык салттары бекем орногон коомдо да ММКлар менен бийликтин ортосунда күрөш бар. Ал эми жаш демократиянын алдында бул нерсени так үйрөнүү милдети турат. Албетте, эркиндик ката кетирүү менен да коштолоорун унутпашыбыз керек. Жоопкерчиликтүү жана объективдүү журналистика пайда болушу үчүн көп убакытты талап кылган окуу жана каталардын үстүндө иштөө зарыл. Бүгүнкү күндө ММКлар бийлик бутактары менен коомчулукту байланыштырып турган тогоо болгондуктан, атамекендик журналистика мындан ары да алардын ортосунда ачык диалогду камсыздайт деп ишенебиз. Бул өлкөнүн өнүгүшү үчүн абдан маанилүү”,- деди Тайырбек Сарпашев.

Маалымат үчүн:

Былтыркы жылы республикада бир миңден ашуун китеп, брошюралары чыгарылды, анын теңи-кыргыз тилинде. Китеп продукциясынын жана брошюралардын жылдык тиражы 2,2 млн. нуска, анын жалпы көлөмүнүн 60 пайызы кыргыз тилинде чыгарылган. Ошондой эле, 181 аталыштагы гезит чыкса, 111и-кыргыз тилинде. Учурда гезиттердин жылдык тиражы 34 млн. нускага жетти.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү