16

Декабрь

2014

Т.Сарпашев: Жылдын соңуна дейре ар-бир экинчи жаран биометрикалык каттоодон өтөт

Бүгүн, 16-декабрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу боюнча кампаниянын жүрүшү тууралуу жыйынды өткөрдү.

Жыйын жүрүшүндө Мамлекеттик каттоо кызмат башчысынын орун басары Эльдияр Убалиев маалымдагандай, жалпы республика боюнча 15-декабрга карата өз биометрикалык маалыматын 1 млн 265 миң адам, же 16 жаштан жогорку жарандардын 33% тапшырган. Анын айтымында, Ош облусунда жарандар биометрикалык маалыматын активдүү түрдө тапшырууда.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, жыл аягына дейре 16 жаштан жогорку ар-бир экинчи жаран өз биометрикалык маалыматын тапшыруу процедурасынан өтүүсү керек.

Тайырбек Сарпашев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигин айрым эксперттердин биометрикалык маалыматтарды чогултууга тийиштүү “жалган” билдирүүлөрүнө көңүл бурбоого чакырды.

“Өзгөчө бул Бишкектеги биометрикалык маалыматтарды чогултууга тийиштүү. Биометрикалык маалыматтардын негизинде акыйкат шайлоолорду өткөрүү – бул анын бир гана багыты болуп саналат. Мындан тышкары, биометриянын үч багыты: жарандардын коопсуздугун камсыздоо, бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана мамлекеттик тейлөөнү жөнөкөйлөтүү жагы бар. Бул багыттардын бардыгы 2016-жылдан тарта иш жүзүнө ашырыла баштайт», — деди вице-премьер-министр Т.Сарпашев.

[su_document url="http://www.gov.kg/wp-content/uploads/2014/12/2014-12-16-Prezentatsiya-biometrika.pdf"][su_document url="http://www.gov.kg/wp-content/uploads/2014/09/tarifyi-12.pdf"][/su_document]

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү