20
Декабрь
Т.Сарпашев: Жыл соңуна дейре биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши өлкөнүн төрт районунда жана Кара-Суу жана Кызыл-Кыя шаарларында жыйынтыкталат
Бүгүн, 20-декабрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Өкмөттүн аймактардагы Ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен учурдагы биометрикалык маалыматтарды чогултуу маселеси тууралуу кеңешме өткөрдү.
Т.Сарпашев белгилегендей, графикке ылайык, келерки эки жуманын ичинде Нарын облусунун Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунда, Талас облусунун Кара-Буура районунда, Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жана Кара-Суу жана Кызыл-Кыя шаарларында биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши жыйынтыкталышы тийиш.
“Айрым райондордо биометрикалык маалыматтарды чогултууну жыйынтыктоо Мамлекеттик каттоо кызматына башка район, шаарлардагы бошогон жабдууларды алар жетишпеген жактарга кайрадан бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. 16 жашка чыккан жарандар, же башка себептерге байланыштуу биометрикалык каттоодон өтө албай калган жарандар биометрикалык маалыматын тапшыруусу үчүн жер-жерлерде бир нече комплекти жабдууну калтыруу керек», — деди Т.Сарпашев.
Биринчи вице-премьер-министр кошумчалагандай, биометрикалык маалыматтарды чогултууда айыл жергесинде туруктуу жашаган жарандардын реалдуу саны көрүнөт. «Мисалга, статистикалык маалыматтарга ылайык, Бишкекте 16 жаштан жогорку жарандардын саны 670 миң адамдан ашуун эсептелет, ал эми иш жүзүндө алардын саны андан көбүрөөк болушу мүмкүн. Ысык-Көл облусунда 16 жаштан жогорку адамдардын саны 316 миңден ашуун эсептелет. Чындыгында алардын саны андан азыраак болушу мүмкүн. Ушундай эле көрүнүш башка облустарда да орун алат. Ошондуктан жергиликтүү бийлик параллелдүү түрдө жарандар тизмесин сапаттуу түзүү менен алектениши кажет», — деди Т.Сарпашев.
Ошондой эле Биринчи вице-премьер-министр маалымдагандай, келерки жуманын башталышында Баткен облусундагы биометрикалык маалыматтарды чогултуунун жүрүшү менен таанышууну пландаштырууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү