18

Декабрь

2014

Т.Сарпашев «Макмалалтынга» инвесторлорду тартуу боюнча ишти активдештирүүнү тапшырды

Бүгүн, 18-декабрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун райкеңеш депутаттарын кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө райондун көйгөйлүү маселелери талкууланды. Райкеңеш төрагасы Дамир Тагайбек уулу билдиргендей, учурда Тогуз-Торо районунун тургундары «Макмалалтын» алтын кен комбинатынын келечегине кабатырланууда. “Анткени Макмалда 1200 адам эмгектенет. Бүт район ушул комбинатка кармалып турат деп айтсак болот. Үстүбүздөгү жылы комбинат 4 ай иштебей тургандыгына байланыштуу жумушчулар айлык акы албай, жергиликтүү бюджетке салык түшпөй калган», — деди ал.

Анын айтымында, учурда комбинат иштөөдө, кен шахтылык ыкма менен казылууда. «Бирок жаңы жылда комбинат жумушчуларын 400 адамга кыскартуу пландаштырылууда. Ошондой эле завод дагы 4 ай туруп калуусу күтүлүүдө. Азыр тургундар бир нерсени гана, комбинаттын туруктуу иштеп кетүүсүн камсыздоо үчүн инвесторлорду тартууну өтүнүүдө. Болжолдор боюнча, «Макмалалтын» уулу заттарды көмгөн жайда 6 тоннага жакын алтын бар экендиги айтылууда. Аны кайра иштетүүнү сунуштайбыз. Мындан тышкары, Кылдоо алтын кен тилкесин «Макмалалтынга» бөлүп берүү маселесин кароону сунуштайбыз, анда болжол менен 6,5 тонна алтын бар деп айтылат. Бирок аталган тилке боюнча көйгөй жаралууда, анткени ал Саймалуу-Таш жаратылыштык корголуучу аймагына карайт. Көмүр кени бар Миң-Теке тилкеси да жаратылышты коргоо боюнча аянтка киргизилген. Бирок ал тилкелер Саймалуу-Таштан 30-40 чакырым алыстыкта жайгашкан. Ошондуктан биз Өкмөттөн жерлерди трансформациялоо маселесин чечип берүүсүн өтүнөбүз», — деди депутаттар.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, бардык көтөрүлгөн маселелерди өзү жеке көзөмөлгө алат. Т.Сарпашев аталган жерлерди жеринде иликтөө үчүн иштиктүү топ түзүүнү тапшырды. «Жыл соңуна дейре иштиктүү топтун бардык мүчөлөрү Тогуз-Торо районуна барып, бардык көйгөйлөр менен таанышуусу тийиш. Ошондой эле жаратылышы корголгон аймакты да барып көрүү зарыл. Макмал – эң ириде, социалдык долбоор жана ал Тогуз-Торо районун багууда. Өкмөткө жана элге туруктуу иштеген комбинат керек. Жана бул багытта иштер активдештирилет», — деди Т.Сарпашев.

Биринчи вице-премьер-министр маалымдагандай, жакынкы жумаларда ал Тогуз-Торо районуна барууну пландаштырууда.

Маалымдама. “Макмалалтын” комбинаты «Кыргызалтын» ААК негизги өндүрүштүк подразделениеси болуп саналат. Анын салыктык төлөмү Тогуз-Торо районунун бюджетинин 95% түзөт. “Макмалалтын” комбинаты 1969-1977-жылдары ачылган жана чалгынданган «Макмал» алтын кен базасында түзүлгөн, ал 1986-жылы ишке киргизилген.

1986-1996-жж. «Макмал» ачык ыкма менен иштетилген. Техникалык долбоорго ылайык, руданы өндүрүү жана кайра иштетүү көлөмү жылына 500,0 миң тоннаны түзгөн. 10 жылдык мөөнөт ичинде жалпысынан 21,7 тонна алтын өндүрүлгөн.

КР Өкмөтүнүн “Макмалалтын” комбинатынын иш мөөнөтүн узартуу жөнүндө” 10.12.97-жылкы №722-токтомун ишке ашырууда карьерди пайдалануу учурунда түзүлгөн жарды рудаларды өндүрүү жана иштетүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. Ал эми 2003-жылы комбинат “Макмалды» ачык ыкма менен иштетүүсүн жыйынтыктаган.

Комбинаттын иштөө мөөнөтүн узартуу максатында “Кыргызалтын» ААК тарабынан 2500м төмөнкү горизонттогу запастарды жер астынан казып алуу ыкмасы менен толуктап иштеп чыгууга иш долбоорун түзүү тууралуу чечим кабыл алынган.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү