24

Октябрь

2014

Тайырбек Сарпашев Ысык-Көл облусунун жетекчилигине жылытуу мезгилине карата даярдык иштерин 10-ноябрга дейре жыйынтыктоону тапшырды

Бүгүн, 24-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Ысык-Көл облусунун жетекчилиги менен күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү.

Т.Сарпашев белгилегендей, Ысык-Көл облусу боюнча учурда сентябрь айына салыштырмалуу көмүр камдоо боюнча белгилүү жылыштар бар.

“Социалдык обьектилерди көмүр менен камсыздоо иши 82% аткарылган. Ал эми Каракол шаардык ЖЭБин көмүр менен камсыздоо жагы курч турат. Бул көрүнүш көмүр алуу беренеси боюнча каржылоо өз мөөнөтүндө бөлүнгөн учурда орун алууда. Ишкана жетекчилиги тараптан кышка даярдык көрүү маселесине көңүлкош мамиле байкалууда. Тактап айтканда, ЖЭБге 34 миң тонна көмүрдүн ордуна болгону 4 миң тонна көмүр камдалган. Мындан тышкары, ӨКМ, ИИМ жана Коргоо министрликтеринин обьектилери көмүр менен төмөнкү деңгээлде камсыздалган. Ошондой эле облус боюнча, антимонополдук агенттиктин шалаакылыгы боюнча көмүргө карата баалардын негизсиз жогорулоосу орун алган», — деди Т.Сарпашев.

Өз кезегинде Өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Акылбек Жаныбеков маалымдагандай, көмүргө карата баа, аны жеткирүү менен бирге, маркасынан көзкаранды түрдө 3-5 миң сомду түзөт.

Ошондой эле А.Жаныбеков белгилегендей, облус боюнча электр энергиясын чектөөлөр сакталбай жатат. «Облус үчүн бир күндүк чектөө 1 млн 800 миң кВт саатты түзөт. Өткөн суткада электрди керектөөдөгү чектөөлөр 2 млн 400 миң кВт сааттан ашкан. Эгер мындай көрүнүш улан турган болсо, анда аргасыз чектөөлөр киргизилмекчи», — деди ал.

Тайырбек Сарпашев облус жетекчилигине жылытуу мезгилине карата даярдык иштерин 10-ноябрга дейре жыйынтыктоо үчүн колдон келген аракетти жумшоону тапшырды.

“Өкмөттүн келерки 31-октябрдагы жыйынынын жүрүшүндө Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана район акимдерине күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча аткарган иштери жаатында баа берилет», — деди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү