01
Ноябрь
2014
Т.Сарпашев Премьер-министрге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы бир катар жоопкерчиликтүү жактарга сөгүш жарыялап, айрымдарын ээлеген кызматтарынан бошотууну сунуштады
Бүгүн, 31-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйынынын күн тартибине ылайык, 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү маселеси каралды.
Аталган маселе боюнча баяндама менен Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев чыгып сүйлөдү. “Өкмөт Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмү аймактарга чыгууда үч багыт боюнча: 9 айдын жыйынтыгы боюнча социалык-экономикалык көрсөткүчтөр, облустардагы ыйгарым укукту өкүлчүлүктөрдүн милдеттенмелеринин аткарылышы жана кышка карата көрүлгөн даярдыктар боюнча жасалган иштердин терең талдоосун өткөргөн. Ошондой эле статистикалык комитеттин маалыматтары да эске алынды», — деди Т.Сарпашев.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, дээрлик бардык облустарда өндүрүштүн төмөндөөсү байкалган. Мисал иретинде Талас облусундагы Талас, Бакай-Ата райондорунун, Баткен облусундагы Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун, Чүй облусундагы Кемин, Панфилов райондорунун, Жалал-Абад облусундагы Ысык-Көл, Аксы, Чаткал райондорунун, Ош облусундагы Өзгөн, Алай райондорунун, Нарын облусундагы Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун, Сүлүктү, Кызыл-Кыя, Исфана, Жалал-Абад, Кадамжай, Ош, Майлы-Суу шаарларынын төмөнкү өндүрүштүк көрсөткүчтөрү келтирилди.
Баткен облусунда өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү - 16,3%, Жалал-Абад облусунда 2,6% төмөндөгөн.
Т.Сарпашев белгилегендей, дээрлик бардык облустарда негизги капиталга карата инвестициялардын көлөмү төмөндөп, салыктарды чогултуу боюнча иштер жай жүрүүдө. Мисалга, Талас районунда болгону салыктын 81% чогултулган, же 10 млн 600 миң сом суммасындагы салык чогултулбай калган.
Негизги капиталга карата инвестициялардын көлөмү өткөн жылдын отчеттук мезгилине салыштырмалуу Талас шаарында - 31,3%, Баткен шаарында – 36,5%, Таш-Көмүр шаарында – 36,7%, Кара-Балтада – 2,8%, Кантта – 8,2%, Сокулук районунда – 4,7%, Ак-Талаа жана Ат-Башы районунда - 20%, Ош облусунун Алай районунда 15,5% кыскарган.
Т.Сарпашев аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүү көрсөткүчтөрүнүн төмөндөп кетүүсүнүн негизги себептерине токтолду. Эң ириде, тутумдуу, пландуу иш жүргүзүлбөйт. «Күнүмдүк ишмердүүлүктө башаламандык орун алып, жоопкер кызматкерлер формалдуу иштер менен алек. Жергиликтүү бийлик тараптан демилгелер, сунуш-пикирлер жок», — деди Биринчи вице-премьер-министр. Мисалга, Аксы райондук мамадминистрациясында тийиштүү мезгилге карата иш планы түзүлгөн эмес. Ушул эле райондо коллегия жыйынтыгы боюнча бир дагы документ түзүлгөн эмес. Өзгөн районунун коллегиясында районго мүнөздүү болбогон көйгөйлөр тизими каралган. Токмок шаардык мэриясы жаңы окуу жылына жана кыш мезгилине карата даярдыкты 22-октябрда гана кароону туура тапкан. Биринчи вице-премьер-министр аймактардын кышка камылга көрүү маселесине өзүнчө кайрылды. Маалымдалгандай, ысык облусунун Ак-Суу районунда калкты көмүр менен камсыздоо иши 26% камсыздалып, ушул эле облустагы билим берүү мекемелери көмүр менен 68% камсыздалган. Эгерде Лейлек районундагы Исфана шаарында «Наристе» балдар бакчасы көмүр менен болгону 30%га, ал эми “Келечек» бакчасы - 4%, ал эми башкалары таптакыр көмүр менен камсыздала элек. «Исфана шаарынын мэри жана район акимдери кайда карап жатканы түшүнүксүз» — деди Т.Сарпашев.
Баткен, Сүлүктү, Талас, Майлы-Суу шаарларында, Ала-Бука районунда жана Чүй облусунун Кемин жана Панфилов райондорундагы социалдык обьектилердин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы начар болуп саналат.
Вице-премьер-министр Эльвира Сариеванын айтымында, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү социалдык обьектилерди кышка карата даярдоого кош көңүл мамиле кылууда. Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев белгилегендей, айрым акимдер өз районун өнүктүрүү жаатында аракет көрбөстөн, белгилүү топтун кызыкчылыгын алга жылдыруу менен алек болууда.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, мурда КР Премьер-министри Ж.Оторбаев тарабынан КР Өкмөтүнүн биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы жана аймактардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүсү боюнча селектордук жыйындарында аймак жетекчилерине бир нече ирет аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, кышка карата даярдык көрүү жана жеке милдеттенмелерди аткаруу маселелерине олуттуу көңүл буруу жагы тапшырылган. “Ага карабастан, бүгүнкү күнү биз жооптуу жактар тапшырмаларды аткаруу ишине жеңил ойлуу мамиле кылгандыгын көрүп турабыз», — деди Т.Сарпашев.
Жогоруда айтылган маалыматтардын негизинде Биринчи вице-премьер-министр Премьер-министр Жоомарт Оторбаевге төмөнкүлөргө: Аксы районунун акими М.Айдаралиевге, Өзгөн районунун акими А.Тажибаевге, Ысык-Көл районунун акими Р.Имангазиевге, Ала-Бука районунун акими А.Кулуевге, Кемин районунун акими Т.Супатаевге, Панфилов районунун акими О.Ногоевге, Лейлек районунун акими Т.Ариповго, Баткен, Сүлүктү, Майлы-Суу шаар мэрлери - Ж.Жалаловго, А.Ибрагимовго, К.Саткыналиевге сөгүш жарыялоону сунуштады. Ошондой эле Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Койсун Курманалиевага жана Жеңиш Раззаковго, Ош жана Бишкек шаар мэрлерине милдеттенмелерин сапаттуу жана мөөнөтүндө аткарбагандыгы үчүн эскертүү берүү сунушун киргизди.
Мындан тышкары, Т.Сарпашев Исфана шаардык кеңешине Исфана шаарынын мэри Т.Козубаевди, ак-Талаа районунун акими Д.Исманбетовду жана Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Д.Салмакеевди ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу маселени кароону сунуштады. Энергетика жана өнөр-жай министрине Ысык-Көл облусунун Тоң, Ысык-Көл, Ак-Суу райондук жана Сүлүктү шаардык электр тармагынын начальниктерин кызматтан бошотуу сунушу киргизилди.
Биринчи вице-премьер-министр убадалагандай, жыл жыйынтыгы боюнча конкреттүү натыйжалар болот.
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү