26
Март
Бүгүн, 25-мартта, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев “Айыл-агро 2013” Эл аралык көргөзмөсүн даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги отурумун өткөрдү. Аталган Эл аралык көргөзмөнү өткөрүү тууралуу чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан кабыл алынган жана ал Бишкек шаарында 22-24-майда өтөт.
Тайырбек Сарпашев уюштуруу комитетин отурумун ачып жатып аталган көргөзмөнү өткөрүү агрардык тарамак үчүн гана эмес жалпы өлкө үчүн маанилүү окуя деп билдирди. “Айыл-агро 2013” эл аралык көргөзмөсү акыркы 10 жыл ичиндеги ири иш чаралардын бири болуп эсептелет. Айыл чарба техникаларын жана кайра иштетүүчү жабдыктарды чыгаруучу дүйнөлүк алдынкы өндүрүүчүлөр өз продукцияларын кеңири коомчулукка тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн алышат. Республиканын жети региону менен эки шаарынын Улуттук экспозициянын алкагында көрүүчүлөргө, чет элдик меймандарга агрардык сектордогу айыл чарба жетишкендиктерин улуттук колориттеги массалык маданий иш чаралардын коштоосу менен тааныштыра алабыз.“Айыл-агро 2013” Эл аралык көргөзмөсүн өткөрүү өлкөнүн агрардык секторунун өнүгүшүнө зор өбөлгө берерине мен терең ишенем”- деди өз сөзүндө вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев.
Көргөзмөнү уюштуруу комитетинин ишине “Росагромаш”айыл чарба техникаларын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлдөрү, Генералдык директору Е.А. Корчевой катышты жана аталган иш чараны өткөрүү боюнча биргелешкен уюштуруучулар катары өз ойлорун билдиришти.
Эл аралык көргөзмөнү өткөрүү алкагында өлкөнүн агро тармагын өнүктрүү келечегин талкуулаган Улуттук агрофорум өткөрүлөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү