27

Октябрь

2014

Т.Сарпашев жарандардын биометрикалык маалыматы камтылган Бирдиктүү мамлекеттик калктын регистрин түзүү боюнча ишке ашырылып жаткан чаралар тууралуу айтып берди

Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өткөн Туруктуу өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жарандардын биометрикалык маалыматы камтылган Бирдиктүү мамлекеттик калктын регистрин түзүү боюнча ишке ашырылып жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.

Т.Сарпашев белгилегендей, Бирдиктүү мамлекеттик калктын регистрин түзүү боюнча Республикалык штаб түзүлдү, ошондой эле министрликтерде, ведомстволордо, облустардын, райондордун жана 465 айылдык аймактардын деңгээлинде штабдар түзүлдү. Биометрикалык маалыматтарын чогултуу үчүн 185 стационардык пункттар жана 722 мобилдүү топтор аныкталды.

“Бүгүнкү күндө, сатып алынган 950 жабдуу компаниялар тарабынан толугу менен тийиштүү жерлерге жеткирилди, жабдуулар комплекттерин жеткирүүнү жана жайгаштырууну уюштуруу боюнча иштер жүргүзүлдү жана Бишкек шаары боюнча биометрикалык маалыматтарды жалпы чогултуу процесси 50 пунктта башталып, региондордо биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункттары баскыч-баскычы менен түзүлүп жатат. Жарандардын биометрикалык маалыматтарынан түзүлүп жаткан база Калктын бирдиктүү мамлекеттик регистринин негизги компоненттеринин бири болуп саналат», — деди Т.Сарпашев.

Төмөндө Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин сүйлөгөн сөзүнүн тезиси сунушталат:

- «Калктын регистринин дагы бир негиз салуучу компоненти болуп жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) тутуму саналат. Ушул жарандык абалдын актыларын каттоо органдарынын деңгээлинде адамдын туулгандан тартып өлгөнгө чейинки өмүрүнүн бардык циклин эсепке алуу жүргүзүлөт.

Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Сокулук районунда “АИС - ЗАГС” автоматташтырылган тутуму ушул жылдын сентябрында болуп өткөн пилоттук тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча бүткүл өлкө боюнча этап менен киргизилип баштады.

Туулганды жана өлгөндү эсепке алуу жөнүндөгү маалыматтардын бүтүндүгүн жана аныктыгын камсыздоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен интеграцияланган туулгандыгы жана өлгөндүгү тууралуу медициналык маалымкаттарды каттоонун автоматташтырылган тутуму да киргизилип жатат.

Калктын регистринин экинчи маанилүү элементи болуп паспортторду берүү тутуму саналат. Азыркы учурда берилген паспорттордун маалыматтар базасы “1 адам – 1 жекече идентификациялык номер (ПИН) – 1 паспорт” принциби боюнча түзүлгөн, ошондой эле ал шайлоочулардын анык тизмесин түзүүдө колдонулат.

Жогоруда аталган принципти туруктуу негизде сактоо үчүн “АИС - Паспорт” маалыматтык тутуму иштелип чыгып, пилоттук режимде киргизилди, ал паспорт алууга бардык документтерди автоматташтырылган тартипте иштеп чыгат, берет жана сактайт.

Улуттук кеңештин чечимин аткаруу максатында үчүнчү маанилүү компонентти - өлкөнүн Даректик регистрин түзүү боюнча олуттуу иштер жүргүзүлдү, ал шайлоочунун жашаган жерин аныктоо жана андан кийин конкреттүү шайлоо участогуна киргизүү үчүн зарыл.

Бул багытта Өкмөт таптан 2014-жылдын 22-сентябрында Кыргыз Республикасында даректерди ыйгаруу жана даректик регистрди киргизүүнүн тартиби кабыл алынган.

Ушул жылдын 30-сентябрына карата Даректик регистрдин маалыматтар базасы көчөлөрдүн аталыштары аралык бүткүл республика боюнча толугу менен түзүлдү. Көчөлөрдүн аталыштарын жана алардын кодификациясын текшерүү боюнча көп иштер жүргүзүлдү.

Калган аталышы жок көчөлөрдүн үлүшү жалпы сандын 10 % түздү, аларды каттоо үчүн көчөнү Даректик регистрге киргизүү жөнүндө электрондук табыштама жиберүү мүмкүндүгү менен көчөлөрдүн болушун текшерүү үчүн интерактивдүү Портал иштелип чыгып, ишке киргизилди.

“Даректик регистр” порталы – Кыргызстан үчүн революциялык кадам, ал бардык мамлекеттик органдар, ошондой эле юридикалык жактар жана адамдар үчүн даректик маалымат киргизүүнүн жалгыз булагы болуп кызмат өтөйт.

Ошол эле убакта, Даректик регистр “Коопсуз шаар” долбоорун ийгиликтүү ишке ашырууга көмөк көрсөтөт, коммуналдык кызматтарга абоненттердин даректерин тартипке келтирүүгө мүмкүндүк берет.

Белгилеп кетчү нерсе, Калктын регистринин маалыматтар базасы өлкөнүн өзгөчө корголгон маалыматтык ресурстарына кирет, натыйжада “Кыргыз Республикасынын Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Мыйзамына ылайык толук коргоо комплекси менен камсыздалышы тийиш.

Ушул максатта, Өкмөт биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн программалык камсыздоонун жана жабдуулардын жеткирүүчүсүн колдонуудагы КР мыйзамдарына ылайык жарандардын жеке жана биометрикалык маалыматтарын коргоо жана коопсуздугу боюнча бардык чараларды камсыздоого милдеттендирди.

Жаңы технологияларды колдонуу менен шайлоо процессинин үлгүсүн иштеп чыгуу жана 2015-жылда ачык жана таза парламенттик шайлоону камсыздоо максатында Өкмөт менен Борбордук шайлоо комиссиясы биометрикалык технологияларды колдонуу менен шайлоо тутумунун техникалык чечимин биргелешкен күч менен даярдады.

Бул модель боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын ортосундагы функцияларды жана жоопкерчиликти так чектөө сунушталууда. Бул шайлоо тутумунун моделин колдонуу бир нече суммадагы инвестицияларды талап кылат. Бирок, бул моделди ишке ашыруудан биз таза жана ачык шайлоолор өткөрүүгө мүмкүнчүлүктөргө жетебиз, бул албетте жарандардын ишенимин жогорулатууга шарт түзмөкчү”.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү