24

Январь

2015

Т.Сарпашев: Бажы биримдиги “Бишкек” ЭЭА экспорттук мүмкүндүгүнүн жогорулашы үчүн чоң мүмкүндүктөрдү ачат

24 Январь, 2015 Бүгүн, 24-январда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев “Бишкек” Эркин экономикалык аймагында (ЭЭА) ачылган үч жаңы обьектинин салтанаттуу ачылышына катышты. Т.Сарпашев белгилегендей, Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулуусу “Бишкек” ЭЭА үчүн жаңы мүмкүндүктөрдү ачат. Эркин экономикалык аймактын пайдаланылбай жаткан мүмкүндүктөрү бар. Буга байланыштуу Бажы биримдигине кошулуусу ЭЭА үчүн чоң рыноктун ачылышына шарт түзүп, ошол эле учурда ал ЭЭА үчүн сыноо жана чакырыктарды жаратат. Анткени өндүрүлгөн товарлардын сапатына болгон талап өсүп, атаандаштык күч алат. Ошондуктан жетекчилик жана Эркин экономикалык аймактын бардык субектилери ар дайым ишин жакшыртуусу, жетишилген ийгиликтер менен токтоп калбоосу кажет», — деди Т.Сарпашев. “Бишкек” ЭЭА башкы директору Орозбек Нусувалиев маалымдагандай, 2014-жыл үчүн ЭЭА субьектилери тараптан өндүрүлгөн жана сатылган продукция көлөмү 5 млрд 290 млн сомду түзгөн. “Өткөн жылга салыштырмалуу өнүгүү 7,6% түзгөн. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча бюджетке акча которуулар 813 млн сомдон ашкан жана ал 2013-жылдын көрсөткүчүнө салыштырмалуу 151 млн 147,1 миң сомго жогору эсептелет. 2014-жылы ЭЭА 18 жаңы субьект өз ишин баштады. Ошол эле учурда өткөн жылы 235 субъектиден “Бишкек” ЭЭА обьектисинин макамы алынган. Учурда ЭЭА аймагында 360 субъект катталган”, — деди О.Нусувалиев. О.Нусувалиевдин айтымында, 2014-жылы ЭЭА өндүрүштүк мүмкүндүгүн өнүктүрүүгө 256 млн сомдон ашуун каражат салынган. “Өткөн жыл жыйынтыгы боюнча, 59 млн 600 миң сом суммасындагы өздүк каражат ЭЭА инфраструктурасын өнүктүрүүгө жумшалган. Аталган каражатка көп функциялуу үч кабат имарат, №168-бала бакчага кошумча 80 орундук 2 кабаттуу жаңы имарат жана ЭЭА субьектилеринин продукциясын көргөзмөгө коюу үчүн имарат салынган”, — деди башкы директор.

[gallery ids="49366,49367,49368,49369,49370,49371,49372,49373,49374,49375,49376,49377,49378,49379,49380,49381,49382,49383,49384"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү