03
Февраль
2015
Тайырбек Сарпашев: Ош шаарында шаардык бюджетти жогорулатуу үчүн чоң резервдер бар
2-февралда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Ош шаарынын 2014-жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясынын ишине катышты.
Биринчи вице-мэр Замир Аскаров өз баяндамасында билдиргендей, өткөн жылы ишкерлер тараптан 2 млрд 769 млн сом суммасындагы продукция өндүрүлгөн. «Курулуш материалдарын жана кир жуугуч машиналарды өндүрүүчү биргелешкен кыргыз-кытай ишканалары ачылган. Ош шаарын өнүктүрүү үчүн 4 млрд 700 млн сом өлчөмүндөгү инвестициялар тартылган. Ал эми 2013-жылы болгону 2 млрд 800 млн сом тартылган. 2014-жылы орто айлык акы 10миң 700 сомду түзсө, 2013-жылы орточо айлык акы 10 миң сомго жеткен эмес. Донорлор жана шаардыктардын колдоосунда жергиликтүү бюджет эсебинен балдар аянтчасын, тротуарларды жана башка коомдук жайларды көрктөндүрүү-жашылдандырууга 90 млн сомдон ашуун каражат жумшалган», – деди З. Аскаров.
Баяндамаларга ылайык, акыркы жылдарда 45 көп кабаттуу турак-жай борбордук жылытууга кошулган, ошентсе дагы учурда бул сыяктуу 130 жакын курулуш жылытуу тутумуна кошулууга кезекте турат. Биринчи вице-премьер-министр Ош шаарынын жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу боюнча ырааттуу ишин белгилеп кетти. «Ош шаары республикада биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши боюнча алдыңкы орунга чыкты. Шаардын 16 жаштан жогорку тургундарынын 80 % ашууну биометрикалык каттоодон өткөн», – деди ал.
Т.Сарпашев белгилегендей, Ош шаарында шаар бюджетин жогорулатуу үчүн чоң резервдер бар. «Үстүбүздөгү жылга карата шаар бюджети 930 млн сомду түзөт. Жакында экономисттердин көзкарандысыз тобу Оштогу өткөрүлгөн иликтөөлөрдөн соң, 123 млн сомдук резервдер бар экендигин аныктаган, ошондуктан мэрия резервдердин эсебинен өз бюджетин жогорулатуу боюнча ишти активдүү жүргүзүүсү тийиш», – деди Т.Сарпашев.
Коллегия жыйынтыгы боюнча муниципалдык транспорттук ишканасынын директору А.Койчубаевге ишкананын технико-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн начарлоосу үчүн жана “Жылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын директору К.Алишеровго дебитордук карыздардын өсүүсүнө жол бергендиги үчүн сөгүш жарыяланды.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү