14

Ноябрь

2013

Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек  Сарпашев ишканалардын жана Чүй облусундагы калктын кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча кеңешме өткөрдү.

Ишканалардын жана Чүй облусундагы калктын кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кубанычбек Кулматов отчет берди.

Докладда маалым болгондой, Чүй облусу кыш мезгилине карата даяр. “Кечээ от казандарын ишке бердик. “Кыргызтуракжайкоммуналдык союз” да бар анын ичинде. Кант, Кара-Балта, Токмок шаарларынын көп кабаттуу үйлөрүнө жылуулук бериле баштады.Алдын ала баардык от казандары текшерүүдөн өттү жана пломба басылды. Алардын иштөөсүндө көйгөй жок”,- деген маалыматын берди Кубанычбек Кулматов.

Ошондой эле, облус боюнча 30 отун базасы иштейт. Аларда 8 миң тонна көмүр бар. 1 тонна көмүрдүн баасы 3300 дан 4000 сомго чейин. Калк оз керектөөсү үчүн 284 миң тонна көмүр камдап алган.

Кеңешмени жыйынтыктап жатып, Тайырбек Сарпашев от казандарын мазуттан көмүргө же башка энергиянын булактарына өткөрүү туурасында айтты. “Кубандырганы, быйылкы жылы облуста 8 от казаны жана “Кыргызтуракжайкоммуналдык союздун” 2 от казаны көмүргө өткөнү. Буга 24 млн. сом сарпталды. Бул ишти дагы улантуу керек. Эми мектептер, ооруканалар, милициянын бөлүмдөрү, аскер бөлүктөрү, жана башка социалдык маанилүү объектилер от жагуу мезгили аяктаганга чейин жылуулук менен камсыз болуусун шарттообуз керек”,- деди ал.

Вице-премьер-министр Кыргыз Өкмөтү өлкөдөгү 880 от казандарын заманбап үлгүгө алмаштырууга багытталган 11,8 млн. евро көлөмүндөгү каражатты бөлүү боюнча донорлор менен сүйлөшүүгө жетишти.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү