19

Декабрь

2014

Т.Сарпашев: Өлкөнүн Жарандык авиациясынын тарыхында алгач ирет атамекендик авиапарк жаңы муундагы «Боинг 737-800» аба кемеси менен толукталды

Бүгүн, 19-декабрда, «Манас-2» Эл аралык аэропортунда атамекендик авиациялык парктын жаңы муундагы «Боинг 737-800» аба кемеси менен толукталышы боюнча салтанаттуу азем болуп өттү.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдиргендей, учактын сатып алынышы кызматы, же жеке иши боюнча көп учууларда жүргөн мекендештерибиз үчүн жагымдуу жаңылык болуп саналат. «Жыл өткөн сайын кыргызстандыктар аба транспортун көбүрөөк тандоодо. Тактап айтканда, 2013-жыл жыйынтыгы боюнча, жүргүнчүлөрдүн агымы 2 млн 420 миң адамдан ашты. Авиакаттамдардын саны көбөйүүдө. Өткөн жылы 26 миңден ашуун авиакаттамдар аткарылып, быйылкы жылы ал көрсөткүч 28 миң каттамдан ашат деген божомол бар. Авиапарктын жаңыртылышы Кыргызстанды “кара тизмеден” чыгаруу боюнча баскычтуу ишти ишке ашыруудагы дагы бир кадам болуп саналат. Ошондуктан биз жетишилген ийгиликтер менен токтоп калбастан, паркты жаңылантуу ишин алга жылдыруубуз керек. Жаңы Боингдин алынышы менен жүргүнчүлөрдүн атамекендик авиацияга карата ишеними күчтөнөт», — деди Т.Сарпашев.

Жолугушуу аземинин катышуучулары учак келген соң аба кемесинин бортуна көтөрүлдү. Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбаев маалымдагандай, 2014-жылдын 20-декабрынан тарта жаңы «Боинг» «Бишкек-Ош» ички каттамы боюнча иш алып барып, ошондой эле Бишкекти Россиянын негизги шаарлары менен байланыштырат. Мындан тышкары, Бишкек — Дели, Бишкек — Үрүмчү маршруттары боюнча жаңы түз авиакаттамдарын ачуу пландаштырылууда. Өкмөт өз кезегинде алдыга коюлган милдеттерди ишке ашырууга колдон келген көмөк көрсөтөт, анткени авиапарктын жаңыртылышы биздин жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна түздөн-түз таасирин тийгизет жана биз үчүн маанилүү маселелердин бири болуп саналат.

Андан соң аба кемесин кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюу салтанаты болуп өттү.

Түрк тараптан актыга сапат боюнча вице-президент, «Пегасус Эйрлайнс» түрк авиакомпаниясынын улук пилоту, капитан Кемаль Хелваджыоглу, ал эми кыргыз тараптан «Эйр Манас» авиакомпаниясынын атынан Башкы директор Илгар Алптекин кол койду.

Кемаль Хелваджыоглу учактын ачкычын Т.Сарпашевге тапшырды. Биринчи вице-премьер-министр ички жана эл аралык авиамаршруттардын ички жана эл аралык тармагы үзгүлтүксүз кеңейтилип жана жакшыртылып турушун каалады.

Маалымдама. Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын тарыхында алгач ирет атамекендик авиапарк жаңы муундагы кыргызча аталышы «Акмарал» аталган «Боинг 737-800» аба кемеси менен толукталып, «Эйр Манас» / ТМ «Пегасус Азия» кыргыз авиакомпаниясы тарабынан сатылып алынган.

Boeing 737-800 учагынын техникалык мүнөздөмөсү. Boeing 737-800 аталган учактардын NG (NextGeneration) муунундагы өкүлү болуп саналат. Анын өзгөчөлүгү - жакшыртылган кыймылдаткычка; 20% отундун үнөмдөлүшүнө; креслолордун идеалдуу санына ээ.

Орундуктары: креслолордун саны – 189; салондун жазылыгы – 3,54.

Учак маалыматы: максималдуу учуу бийиктиги-125 000м; крейсердик ылдамдыгы, км/с – 852; максималдуу пайдалуу жүк менен учуу аралыгы, км – 5665.

[gallery ids="47741,47742,47743,47744,47745,47746,47747,47748,47749,47750,47751,47752,47753,47754,47755,47756,47757,47758,47759,47760,47761"]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү