01

Март

2019

Таалайбек Жайылов Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими болуп дайындалды

Жайылов Таалайбек Ташиевич Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү