05
Май
2018
Таиланддын Премьер-министри Чан-о-ча Мухаммедкалый Абылгазиевди Өкмөт башчы кызматына дайындалышы менен куттуктады
Таиланд Падышалыгынын Премьер-министри Чан-о-ча Мухаммедкалый Абылгазиевди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады.
«Мен Сиздин жетекчилигиңиз астында Таиланд Падышачылыгы жана Кыргыз Республикасы ортосундагы кызматташтык жана достук мамилелер өнүгүп-өсөөрүнө ишеним билдирем», - деп айтылат куттуктоо катында.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмү