14

Ноябрь

2012

Бүгүн, 9-ноябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев борбор калаанын “Достук” мейманканасында “КР адам укугун ишке ашыруу тармагында мамлекет менен жарандык коомдун өз ара аракеттери” форумуна катышты. Форумдун катышуучуларынын алдында сүйлөп жатып, Тайырбек Сарпашев баардык бийлик инститтуары ачык иштеши үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү жасап жаткандыгын белгиледи. «Адам укугун коргоо – бул бийликтин ажырагыс милдети. Ар бир жарандын укугу сакталышы үчүн биз укук коргоо, ошондой эле сот системасында реформа жүргүзүшүбүз керек. Жүргүзүлүп жаткан сот системасын реформасынын алкагында келээрки жылы соттордун эмгек акысын көтөрүүнү пландаштырып жатабыз. Бул сот системасындагы кызматкерлерине өзүнүн ишин так аткарып, объективдүү сот чечимин чыгарып жана коррупцияны азайтууга жакшы өбөлгө түзөт деп эсептейм», — деди ал. Тайырбек Сарпашев жарандык коом менен тыгыз иштемейинче тез өзгөрүп жаткан заманбап дүйнөсүн элестетүү мүмкүн эместигине көңүл бурду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык саясат бөлүмү