01
Декабрь
Бүгүн, 1-декабрда, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев илбирс боюнча эксперттердин эл аралык семинарынын ишине катышты.
Тайырбек Сарпашев семинардын ишин ачып жатып Кыргызстан дүйнөлүк коомчулукка кошулуп экономиканын өсүшү менен био ар түрдүүлүктү сактоо максатында терең өсүштү камсыз кылууга умтулаарын айтты.
“Бүгүнкү жолугушуу био ар түрдүүлүктү жоготпоого, башкача айтканда бийик тоолу экосистеманын индикатору болгон илбирсти улуттук жана глобалдык контексте сактоого багытталган. Илбирсти жана башка бийик тоолу ландшафта жүрүшкөн жаныбарларды сактоонун, коргоонун зарылчылыгын терең түшүнөбүз, анткени алардын ролу биздин каада салтыбызда, маданиятыбызда өтө зор. Бул чанда кездешүүчү жаныбарды сактоо үчүн биздин өлкө жакынкы 10 жылдыкта илбирсти сактоонун Улуттук стратегиясын иштеп чыккан жана бекиткен”, - деди өз сөзүндө Т. Сарпашев.
Семинардын жүрүшүндө Вице-премьер-министр дүйнө боюнча илбирсти коргоо боюнча эл аралык уюмдардын жана фонддордун ролун баса белгиледи. “Дүйнө жүзү боюнча 400 уюм кирген илбирсти сактоо боюнча Эл аралык уюм жер жүзүндө илбирсти коргоо боюнча Глобалдык стратегиянын долбоорун иштеп чыккан. Илбирсти сактоо боюнча улуттук программаларды кабыл алуу жана иш алпаруу үчүн бийик саясий деңгээлдеги Эл аралык форум уюштуу зарылчылыгы келип чыкты. Германиянын жаратылышты коргоо Союзунун сунушу (НАБУ) жана Кыргыз Республикасынын Президенти А.Ш.Атамбаевдин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер шарында илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форумду Бишкек шаарында келерки жылы өткөрүлөөрүн”-вице-премьер-министр маалымдады.
Семинардын катышуучуларына жана уюштуруучуларына вице-премьер-министр ийгилик калоо менен бирге, бул жолугушуу илбирс бар мамлекеттердин жана эл аралык экологиялык уюмдардын бийик тоолу экосистеманы сактоо жаатындагы регионалдык кызматташуунун башталышы болооруна ишеним билдирди.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү