09
Октябрь
2012
5-6-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Казахстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия мамлекеттери катышкан суу-энергетикалык кызматташуу маселесине арналган кеңешмеге катышып келди.
Алматы шаарында болуп өткөн кеңешменин катышуучулары Казахстан Республикасынын, Өзбекистан Республикасынын, Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы Камбарата-1 ГЭСин куруу долбооруна катышуу маселелерин талкуулашты.
Коңшулаш мамлекеттердин өкмөт башчыларынан турган кеңешменин жүрүшүндө, Тайырбек Сарпашев жана кыргызстандан барган делегация Камбар – Ата 1 ГЭСинин курулушу тууралуу жана борбордук-азиядагы жайгашкан өлкөлөр ортосундагы суу-энергетика жаатында кызматташуу маселелерди карашты.
Белгилей кетсек, Камбар – Ата 1 ГЭСинин жана Жогорку Нарын ГЭСинин каскады курулушунун макулдашуусу 2012-жылдын 20-сентябрында Орусия Федерациясынын Президенти В.В. Путин Кыргызстанга официалдуу иш сапары менен келгенде кол коюлган.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү