21

Ноябрь

2012

Бүгүн, 20-ноябрда, Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоо боюнча Бишкек шаардык штабынын жыйыны болуп өттү жана анын ишине Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев катышты.

 Шаардык штабдын жүрүшүндө борбор калада 25-ноябрда Бишкек шаардык кеңешине депутаттарды шайлоодо 45 депутаттык орунга 23 саясий партиянын 1 753 кандидаты талапкерлигин койгону айтылды.

Бишкек шаары боюнча бардыгы болуп 203 шайлоо комиссиясы уюшулган жана 345 225 шайлоочу каттоодон өткөн. Шайлоочулардын акыркы тизмеси такталып учаткаларга илинген. 2012-жылдын 16-ноябрында республика боюнча алдын ала добуш берүү башталганын өзгөчө белгилейбиз.

Шайлоодо колду маркировкалоо болот, ал белгилөө сол колдун баш бармагынын ички тарабына тырмактын этин камтып коюлат. Белгиси жок шайлоочу добуш берүүгө киргизилет. Маркировкасы бар шайлоочу кайрадан добуш бергенге киргизилбейт. Шаардык жана райондук штабдардын жасаган иштерин корутундулап жатып, Тайырбек Сарпашев өтө зор иштер жасалса да, борбор шаарды курчаган жаңы конуштар баардык кызматтардын көңүл чордонунан чыгып калганын белгиледи. “Шайлоо күнү шаардык каттоосу жок жарандар өздөрүнүн укуктарын ишке ашырууну талап кылышат. Алардын арасында шаардык кеңештин шайлоосу Президенттик шайлоодон айырмаланып жарандар факты түрүндө жашаган жери боюнча добуш берээри тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгын мен алдын ала айткам. Азыр болсо добуш берүү катталган жери боюнча жүргүзүлөт”- деди.

Андан соң Тайырбек Сарпашев жергиликтүү кеңешке депутатарды шайлоону өткөрүү боюнча Чүй обюласттык штабынын Кант шаарында өткөн жыйынына катышты.

Областтык шайлоо комиссияларынын жетекчилеринин айтуусу боюнча област боюнча 103 айыл округуна, Кара-Балта, Кант, Шопоков шаарларында, Орловка жанан Кайыңды шаар тибиндеги поселекторунда жергиликтүү деңгээлдеги депутаттарды шайлоо болот.

Кара-Балта шаардык кеңешине 7 саясий партия, Шопоков шаарында – 4, Кантта - 8, Орловкада -6 , Кайыңдыда – 5 саясий партиялар ат салышат.

Штабдын жүрүшүндө белгиленгендей бүгүнкү күнгө карата шайлоону өткөрүүгө баардыгы даяр: шайлоочулардын тизмеси түзүлгөн, участкалык жана аймактык шайлоо комиссияларынын курамы бекитилген, шайлоо өтчү имараттарда кабиналар, урналар орнотулуп, байланыш жеткирилген жана зарыл болгон сандагы бюллетендер басылып чыккан. Жыйындын соңунда Вице-премьер-министр шайлоого даярданууга тиешеси барларга анча чоң эмес кемчиликтерди четтетүүнү тапшырды. КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү