05
Октябрь
2012
Бүгүн, 5-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Алматы шаарындагы Казахстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия мамлекеттери катышкан суу-энергетикалык кызматташуу маселесине арналган кеңешмеге катышууда.
Жолугушуу Алма-Ата шаарында өтүүдө. Жыйынга энергетика жана суу ресурстары тармагындагы эксперт адистер чакырылып, аймакта жайгашкан өлкөлөр ортосундагы суу-энергетика жаатында кызматташуу маселелеринин комплексин талкуулашмакчы.
Тактап айтканда, тараптар Казахстан, Өзбекстан, Орусия мамлекеттеринин Кыргызстандагы Камбарата-1 ГЭСин куруу долбооруна катышуу маселелери талкууланат.
Кыргыз делегациясынын курамына Энергетика жана өнөр жай министри Автандил Калмамбетов, Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев, Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кирет. Ошондой эле аталган жыйынга “Электро станциялар” ААКнун генералдык директору Салайдин Авазов, “Кыргызстан улуттук электрстанциялар” ААКнун жетекчиси Медетбек Айткулов катышууда.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү