14
Ноябрь
Бүгүн, 14-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Вице-премьер- министри Тайырбек Сарпашев ушул күндөрү Бишкекте өтүп жаткан «Россия жана Кыргызстан: кызматташуунун келечеги» аттуу ишкерлер форумунун катышуучулары менен жолугушту.
Форумду ачып жатып, Тайырбек Сарпашев Кыргызстан менен Россия соода экономикалык жана гуманитардык кызматташууну күчөтүүдө өтө чоң потенциалдары бар деп белгиледи. “Ушул жылдын сентябрь айында биз Жогорку Нарын жана Камбар Ата-1 ГЭСтеринин курулушун баштоо тууралуу келишимге кол койгонбуз. Бул абдан чоң жана маанилүү долбоор, аны ишке ашырууда бир нече миңдеген жумушчу орундар түзүлөт. Мындан тышкары келерки жылы Токтогул ГЭСин модернизациялоо боюнча долбоор башталат. Бул максатта 55 млн. доллар бөлүндү, анын ичинен 40 млн. доллар жабдыктарды жана кабельдик тармактарды жаңыртууга жумшалат. Россиянын бизнес чөйрөсү аталган долбоорлорго активдүү катышууга мүмкүнчүлүктөрү бар деп эсептейм”,- деди ал өз сөзүндө.
Россиялык бизнес чөйрөнүн биздин өлкөгө болгон кызыгуусу тууралуу сөз болгондо, форумдун катышуучулары, учурда россиялык капитал менен технологияларды Кыргызстандын экономикасына тартуу мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигин белгилешти.
“Биздин өлкөлөр арасындагы экономикалык мамилелердин динамикалык өсүшүнүн көрсөткүчүнүн далили болуп Екатеринбург-Бишкек авиакаттамынын интенсивдүүлүгүнүн өсүшү эсептелинет. Мен жашаган Екатеринбург шаарында кыргыз диаспорасы саны боюнча Москвадан кийинки орунду ээлейт. Ошондуктан биз мамлекеттер аралык ар тараптуу кызматташууга, туризмди өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биздин айрым долбоорлорубуз бар, аларды кыргыз тарапка сунуштоого даярбыз”,- деди Урал туристтик гильдиясынын вице-президенти Руслан Щеглов.
Жолугушуу учурунда Вице-премьер-министр республикада сот реформасы жүргүзүлүп жатканын, анын түпкү максаты болуп көз карандысыз, зарыл болгон учурда чет элдик инвестерлордун кызыкчылыктарын да коргой ала турган сот бийлигин түзүү экендигин белгиледи.
“Чет элдик капитал республикада саясий туруктуулук болуп, ишеним болгондо гана биздин республикага көп убакытка келишет. Ошондуктан азыр кыргыз Өкмөтүнүн астында инвесторлор кызыкдар болуп, биздин рынокко келгидей болгон инвестициялык климатты түзүү милдети турат. Биз муну чече алабыз деп ойлойм”,- деди Тайырбек Сарпашев.
Жолугушуу учурунда тараптар гидроэнергетиканы өнүктүрүү, шаардык коммуникацияларды модернизациялоо, ирригация системаларын өркүндөтүү, туризмге инвестиция тартуу маселелерин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык саясат бөлүмү