02

Декабрь

2019

Талас районунда жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имараты ишке берилди

Талас районунун Чат-Базар айылындагы Каракойчу Токтогулов атындагы оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имараты ишке берилди.

Аталган бөлүмдүн ачылыш аземине Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков, Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев жана Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев катышты.

Буга чейин имарат эки бөлмөдөн туруп, эч кандай шарт болгон эмес. 2017-жылы ошол кездеги Премьер-министр, азыркы Президент Сооронбай Жээнбеков «тез аранын ичинде жаңы имарат куруу зарылдыгын» белгилеп, тийиштүү мекемелерге тапшырма берген.

Жалпысынан жаңы имараттын курулушун аяктоого 13 млн сом сарпталган.