28

Октябрь

2014

Тайырбек Сарпашев: «Биометрикалык база жарандардын добушу уурдалбашына кепилдик берет»

Бүгүн, 27-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү.

Талкуунун негизги темасы катары райондордун жана айыл башкармалыктарынын жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуу ишине карата даярдыгы талкууланды.

Тайырбек Сарпашев белгилегендей, жергиликтүү бийлик жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуучу топтун тизмесин өзү аныктайт.

“Ушул жуманын ичинде бардык облустарга биометрикалык жабдуу жеткирилет. Кыш мезгилинде айылдардагы биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши жыйынтыкталуусу тийиш. Жаз жана жай айларында жарандардын биометрикалык маалыматын пайдалануу жолу менен тажрыйба иретинде айылдык кеңештерге шайлоолор өткөрүлөт. Мындай тестирлөө өлкөнүн ар-бир аймагында өткөрөт. Бул мезгил аралыгында биз жарандарга биометрикалык база алардын добушунун уурдалбашына кепилдик болуп берээрин далилдешибиз керек. Анткени биометрикалык база шайлоодогу бардык “күңүрт схемалардын” жоюлушуна өбөлгө түзөт», — деди Т.Сарпашев.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү