10

Октябрь

2014

Тайырбек Сарпашев: «Токмок шаарынын суу менен камсыздоо тутумун реабилитациялоо жана Ош шаарына коомдук транспорт сатып алуу үчүн каражаттар бөлүнөт»

Бүгүн, 9-октябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) өкүлдөрүн кабыл алды.

Жолугушу учурунда Швейцария жана Европа биримдигинин финансылык колдоосу алдында ЕРӨБ тарабынан каржыланган калктуу пункттарды ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү боюнча долбоорлор талкууланды.

Т.Сарпашев өнүктүрүү боюнча шериктерге көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирип, Улуттук туруктуу өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу алкагында суу менен камсыздоону жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын билдирди.

«Бул багытта биздин донорлор менен бирдикте активдүү иш жүргүзүлүүдө. 2017-жыла дейре республиканын бир катар ири калктуу пункттарын суу менен камсыздоону жакшыртуу жагы пландаштырылууда», — деди Биринчи вице-премьер-министр.

Бүгүнкү күнгө карата ЕРӨБ ичүүчү сууну чыгаруу жана суу менен камсыздоо тутумун куруу жана реабилитациялоо алкагында Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Талас, Кант, Баткен, Нарын, Токмок, Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол, Өзгөн, Кара-Суу, Кызыл-Кыя, Токтогул сыяктуу республикалык, облустук жана райондук маанидеги шаарларды камтууда.

Тартылып жаткан инвестициялык финансылык каражаттардын жалпы наркы 80 млн ашуун еврону түзөт .

Бүгүнкү күнгө карай Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда. “Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу” долбоорунун жалпы наркы 11,8 млн сомду түзүп (фаза – I), Ош шаарыныкы - 8,45 млн сомду, ал эми Жалал-Абад шаары үчүн 8, 25 млн еврону түзөт.

Калган шаарлар боюнча калктуу пункттарды борбордоштурулган суу чыгаруу жана суу менен камсыздоо жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу иши даярдык көрүү баскычында турат.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре “Токмок шаарында суу менен камсыздоо жана канализация тутумун реабилитациялоо” жана “Ош шаарындагы коомдук транспорт” долбоорлору боюнча Кредиттик жана Гранттык келишимдерге кол коюуну макулдашты.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү