04
Апрель
2015
Тайырбек Сарпашев: Үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре айыл чарбадагы заманбап технологияларды колдоого жана ишке киргизүүгө 150 млн доллардан ашуун каражат багыттоо пландаштырылууда
Бул туурасында Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Талас облусунун Бакай-Ата районунун Түйтө айылындагы көп тармактуу айыл чарба кооперативинин дыйкандары менен жолугушууда билдирди.
Сарпашев өз сөзүндө белгилегендей, өлкөнүн агрардык тармагынын экспорттук мүмкүндүгүн жана атаандаштыгын жогорулатуу Өкмөттүн инновациялык технологияларды натыйжалуу киргизүү боюнча колдоосу аркылуу гана ишке ашырууга мүмкүн. «Бул багытта тийиштүү алга жылуулар бар. Бирок аларды активдештирүү жана кеңири жайылтуу керек. Мисалга, Манас районуна сапарыбызда белгилүү болгондой, пиязды сээп, жыйноо боюнча жаңы техника болгону Покровка айылындагы «Ак-Дан» кооперативинде гана бар экендиги анык болгон. Алар жаңы техниканы «Айыл Банк» линиясы боюнча лизингге алган. Үстүбүздөгү жылдын соңуна дейре айыл чарбадагы заманбап технологияларды колдоого алууга жана ишке киргизүүгө 150 млн доллардан ашуун каражат багыттоо пландаштырылууда. Апрелдин соңунда Араван районунда айыл чарба тармагына инновациялык технологияларды киргизүү боюнча республикалык жыйын өтөт. Дыйкандарды кооперативге биригип, жаңы техниканы лизингге алууга чакырам. Майдын соңунда үчүнчү эл аралык «Айыл-Агро-3» агроөнөржай көргөзмөсү өтөт, ал дыйкандарга айыл чарбадагы акыркы жетишкендиктер менен таанышууга мүмкүндүк түзөт», — деди Сарпашев.
Андан соң Биринчи вице-премьер-министр Бакай-Ата районундагы Кызыл-Октябрь айылында жашаган 94 жашар Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Иманбек Жанкорозовго жолугушту. Т. Сарпашев карыянын ал-акыбалын сурап, Москвада Жеңиштин 70-жылдыгына карата өтүүчү парадга жөнөтүү убадасын берди. Ошондой эле Т. Сарпашевдин катышуусунда согуш ардагеринин алма багында бак отургузулду.
Ак-Жар айылында Т. Cарпашев жакын арада болуп өткөн катуу шамалдын айынан жабыркаган социалдык объектилерди көрүп чыкты.
Талас облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Байышбек Жуманазаров маалымдагандай, ӨКМ бардык жабыркаган жарандарга тийиштүү сандагы шифер берген. «Бирок жети жабыркаган мектеп жана төрт бала-бакча жана бир лицей үчүн көмөк көрсөтүү маселеси чечилбеген бойдон калууда. Жалпысынан 3500 жакын шифер керектелет. Бизге жергиликтүү бюджет эсебинен шифер алып берүүбүз керектиги тууралуу айтылды, бирок бюджет мындай сумманы көтөрө албайт», — деди ал.
Т. Сарпашев ӨКМ министри Кубатбек Бороновго 3500 даана шиферди кошумча бөлүү үчүн тийиштүү документтерди даярдоо тапшырмасын берди. «Бишкекке келээрим менен кагаздарга кол коюлат», — деди Т. Сарпашев.
Бакай-Ата районундагы Маданият айылында биринчи вице-премьер-министр 2014-жылы курулган сүттү кайрадан иштетүүчү жаңы кичи заводдун ачылышына катышты. Аталган заводдун курулушуна 3 млн 500 миң сом инвестиция тартылган. Күн сайын 2 тонна сүт кайрадан иштетилет. Т.Сарпашев ишкерлерге өндүрүш көлөмүн жогорулатуу үчүн жеңилдетилген кредитти алууга көмөк көрсөтүүнү убадалады.
Андан соң Т. Сарпашев Кара-Буура районундагы «Сарымсак» сугат каналынын курулушун көзөмөлгө алды. Каналдын узундугу 10,5 км түзөт. Курулушу иштери аяктаган соң кошумча түрдө сугат суу менен 2 миң га жер камсыздалат. Бүгүнкү күндө 10 километр каналдын 2,3 километри бетондолгон. Жалпысынан каналдын курулушуна керектелчү сумма 9 млн доллардан ашуун каражатты түзөт.
Ошондой эле Т. Сарпашев Кызыл-Адыр айылындагы Улуу Ата-Мекендик согуштун 70-жылдыгына арналган мемориалдык комплекстин жерпайына капсула коюуу аземине катышты. Комплекстин курулушуна 7 млн сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, Т.Сарпашев бир айлык акысын аталган мемориалдык комплекстин курулушуна которду.
Андан соң Биринчи вице-премьер-министр Шекер айыл аймагындагы Чыңгыз Айтматов туулган айылдагы «Дүйшөн» орто мектебинин курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөдү. Учурда 200 мектеп окуучусуна эсептелген мектепте иштер 95% жыйынтыкталган. Биринчи вице-премьер-министр Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигине үстүбүздөгү жылдын 25-майына карата бардык курулуш иштеринин жыйынтыкталышын көзөмөлдөөнү тапшырды.
Талас облусу боюнча иш сапарынын алкагында Биринчи вице-премьер-министр ошондой эле Киров суу сактагычын жана Манас районундагы “Кадыралы» каналын барып көрдү.
[gallery ids="52860,52861,52862,52863,52864,52865,52866,52867,52868,52869,52870,52871,52872,52873,52874,52875,52876,52877,52878,52879,52880,52881,52882,52883,52884,52885,52886,52887,52888,52889,52890,52891,52892,52893,52894,52895,52896,52897,52898,52899,52900,52901,52902,52903,52904"]
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү