12

Февраль

2013

Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда, ал КЗ Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн коллегиясынын ишинин жүрүшүндө билдирди. Коллегияда 2012-жылдын жыйынтыктары жана алдыдагы пландар талкууланды.

Коллегияда облустун социалдык-экономикалык өнүгүшүү тууралуу берилген отчётторунда айыл чарба тармагында 12920,6 млн. сомдук продукция, 755,5 млн. сомго өнөр-жай продукциясы өндүрүлүп, өсүү темпи 2011-жылга салыштырмалуу 114,5 пайызга аткарылган. Экспорттун көлөмү облус боюнча 1384,0 млн. сомду түзгөн, импорттук түшүүлөр 2011-жылга салыштырмалуу 9,3 пайызга өскөн. Бажы төлөмдөрүн бюджетке түшүрүү 104,1 пайызга, салык төлөмдөрү105,1 пайызга аткарылган.

Ошондой эле чакан жана орто ишкердиктерди өнүктүрүүдө облус боюнча бардык кредиттик булактардан 50797 кардарга 2721,3 миң сом кредит берилген, же 800,7 миң сомго көп берилген.

Облустун жетишкендиктери угулгандан кийин Т.Сарпашев облустун жетекчилерине, муниципалдык кызматкерлерге жана коомчулукка кайрылып Жалал-Абад облусунун өнүгүү үчүн мүмкүнчүлүктөрү чоң экендигин белгиледи. “Азыркы учурда Өкмөттүн алдында экономиканын өнүгүү темпин жогорулатуу жана узак мөөнөттүү келечекке каражаттарын берүүчү инвесторлорду тартуу боюнча маанилүү тапшырмалар турат. Ал милдеттер коомубузда саясий туруктуулук болбосо аткарылбайт.Эгерде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эл үчүн иштешсе анда калк тарабынан аларга болгон көз караш өзгөрөт”,- деп айтты Т.Сарпашев.

Вице-премьер-министр коллегиянын ишин жыйынтыктап жатып жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жакында кабыл алынган Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясын ишке ашырууга жапа тырмак киришүүгө жана ишке болгон мамилени түп тамырынан бери өзгөртүүгө  чакырды.

 

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү