24

Сентябрь

2014

Тайырбек Сарпашев: «Ар-жылкы «Айыл-Агро» көргөзмөсүнүн өткөрүлүшү дыйкандардын кызматташуусун жана алардын жаңыга карай умтулуусун кеңейтүүгө шарт түзүүдө»

Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев «Росагромаш» Россиялык айыл-чарба техникасын өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башкы директору Евгений Корчевойду кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар келерки «Айыл-Агро – 2015» агроөнөржай көргөзмөсүн өткөрүү маселесин талкуулады.

Т.Сарпашев белгилегендей, ийгиликтүү өткөн «Айыл-Агро-2014» көргөзмөсү инновациялык технологияларды пайдаланууда чоң түрткү берди.

“Келерки жылдын май айында өтчү көргөзмөдө бир катар дыйкандар кооперативге топтошуп, заманбап айыл чарба техникасын алууну көздөөдө. Өлкөдөгү тамчылатып сугаруу жана күнөскана чарбаларынын келечегин эске алуу менен, «Айыл-Агро – 2015» көргөзмөсүнүн алкагында өзгөчө көңүл аталган багыттарга бурулушу кажет. 2014-жылдын соңуна дейре тамчылатып сугаруу үчүн продукция чыгаруу боюнча заводду куруп баштоону пландаштыруудабыз», — деди Т.Сарпашев.

Е.Корчевой өткөн жылкы көргөзмөнүн жыйынтыгына канааттандырарлык баа берип, Биринчи вице-премьерге «Айыл-Агро» көргөзмөсүн 2020-жылга дейре өнүктүрүү боюнча өз сунушун киргизди.

“Келерки 5 жылда көргөзмөгө катышуучу өлкөлөрдүн санын 25ке, ал эми анын аянтын 15 миң чарчы метрге дейре жеткирүү пландаштырылууда. Келерки жылы анын аянты өткөн жылга салыштырмалуу 1,5 миң кв.м кеңейтилет, же анын аянты 7,500 миң чарчы метрди түзөт. Дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 55 ашуун компания келээри күтүлүүдө», — деди Е.Корчевой.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар 15 миң чарчы метрден кем эмес көргөзмө аянтчасын куру боюнча планды талкуулады.

Жолугушуу жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылдын октябрь айында «Айыл-Агро – 2015» көргөзмөсүнө даярдык көрүү жана аны өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин жыйынын өткөрүү тууралуу макулдашты.

Биринчи вице-премьер-министр Т.Сарпашев «Айыл-Агро-2014» Экинчи Эл аралык агроөнөржай көргөзмөсүнүн ийгиликтүү уюштурулушу жана өткөрүлүшүнө байланыштуу Евгений Корчевойду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлады.

[gallery ids="42528"]    

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү