06

Май

2014

Бүгүн, 6-майда, Кыргыз республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Наджафи Хошрудини кабыл алды.

Жолугушууда кыргыз-иран өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынына, бизнес-форумга, Бишкекте өтүүчү Иран товарларынын көргөзмөсүнө даярдык, эки мамлекет ортосундагы тикелей аба каттамдары тууралуу талкуулашты.

Т.Сарпашев белгилегендей, Өкмөт Иран менен экономикалык кызматташтыкка дилгир. “Биздеги болгон дарамет толук ишке ашпай жатат. Эки мамлекет ортосундагы соода-экономикалык байланыш айыл чарбасы, курулуш, кайра иштетүү өнөр жайы, суу энергетика тармактарында ишке ашат эле”, - деди Т.Сарпашев.

Өз кезегинде, Али Хошруди Ирандын биринчи вице-президенти Эсхак Джахангиринин Жоомарт Оторбаевге Премьер-министрлик кызматка дайындалышы менен куттуктоосунун расмий текстин тапшырды.

“Иран Кыргызстан менен соода-экономикалык байланышты күчөтүүгө кызыктар. Биздин инвесторлор кайра иштетүү өнөр жайына, суу энергетика тармагына, нанотехнологияны өнүктүрүүгө капитал салууга жана саламаттык сактоо тармагында тажрыйба алмашууга даяр. Кыргызстандын облустары менен Ирандын провинциялары тыгыз байланышууга кызыктар”, - деди дипломат.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмү