11
Июнь
2015
Тайырбек Сарпашев иш сапары менен Азербайжанга учуп кетти
Бүгүн, 11-июнда , Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев эки күндүк иш сапары менен Азербайжан Республикасына Биринчи Европалык оюндарынын ачылуу аземине катышууга учуп кетти. Т.Сарпашев Баку шаарында азербайжандык кесиптеши Ягуб Эюбов менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү