02
Декабрь
Бул туурасында, 2-декабрда, Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Кыргыз-Түрк ишкерлер форумунда билдирди.
Өз сөзүндө Тайырбек Сарпашев форумдун максаты Кыргызстан менен Түркиянын экономика, соода жана инвестиция жаатында кызматташтыкты тереңдетүү экендигин айтты.
“Учурда, кыргыз-түрк экономикалык мамилелеринде жакшы өсүш бар. Акыркы он жылдын ичинде Түркия жетишкен ийгилик анын күбөсү. Биз Түркиядан үлгү алып, анын тажрыйбаларын үйрөнүшүбүз керек”,- деди ал.
Вице-премьер-министр бизнес жүргүзүү жана инвестицияны коргоо шарттарын жеңилдетүүнүн үстүндө ар дайым иш алып барылып жатканына токтолду.
“Биз экономика, айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, энергетика, унаа жана байланыш, туризм тармактарына инвестиция тартуунун үстүндө иш жүргүзүүдөбүз. Бул багытта Кыргыз Өкмөтү тарабынан алгылыктуу иштер жүрүп жатат. Сөз фискалдык жана тескөөчү органдардын текшерүүлөрүнүн кыскарышы жөнүндө болуп жатат. Мунун менен бирге сырткы соодада, бажы жана салык иш кагаздарын жөнгө салууда Бирдиктүү терезе принцибин киргизүү активдештирилүүдө. Мындай чаралар Кыргызстанда инвестициялык абалды жакшыртуу жана узак мөөнөттүү инвестицияларды тартууга багытталган. Бүгүн өтүп жаткан Форум Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу өнөктөштүгү үчүн жаңы сунуштарды алып чыгат деп ишенем”,- деди Тайырбек Сарпашев.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү