13

Ноябрь

2014

Тайырбек Сарпашев: «Кыргызстан Кытай менен биргеликте айыл чарба жаатындагы бир катар ири долбоорлорду ишке ашыра баштайт»

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев вице-министр даражасындагы тышкы байланыш бөлүм башчысынын орун басары Чжоу Ли жетектеген Кытай Элдик Республикасынын Коммунисттик партиясынын делегациясын кабыл алды.

Жолугушууну ачууда Т.Сарпашев белгилегендей, Кыргызстан ортодо түзүлгөн эки тараптуу жылуу мамилелер менен сыймыктанат.

«Үстүбүздөгү жылы мамлекет башчылары тарабынан Кыргызстан жана Кытай аралык стратегиялык шериктештик мамилелерин мындан ары тереңдетүү тууралуу биргелешкен декларацияга кол коюусу соода-экономикалык кызматташууну жандандырууга түрткү берди. Бүгүнкү күндө Кытай – Кыргызстан экономикасына инвестициялоо көлөмү боюнча алдыңкы катарда турат. Биз биргеликте айыл чарба, жол жана байланыш жаатындагы бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууну сунуштайбыз. Жакынкы арада айыл чарба жаатындагы бир катар ири долбоорлор ишке ашырыла баштамакчы», — деди биринчи вице-премьер-министр.

Өз кезегинде Чжоу Ли эки тараптуу кызматташууну ар-кыл тармакта өнүктүрүү үчүн Улуу Жибек Жолунун экономикалык алкагын биргелешип куруу демилгесин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн билдирди.

[su_carousel source="media: 45538,45539,45540,45541" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43934,43935,43936,43937,43938,43939,43940,43941,43942" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 43655,43656,43657,43658,43659,43660,43661,43662,43663,43664" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42841,42842,42843,42844,42845,42846" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42533,42526" link="post" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526,42533" link="attachment" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 42526" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41895,41896,41897,41898,41899,41900,41901,41902,41903,41905" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_carousel source="media: 41466,41467,41468,41469,41470,41471" link="image" items="4" title="no" centered="no" mousewheel="no"][su_custom_gallery source="media: 33797,33796,33795"][/su_carousel]

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү