27
Март
Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев “Айыл чарбасын каржылоо” долбооруна катышкан 5 коммерциялык банктардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда билдирди.
Тайырбек Сарпашев жолугушуу учурунда фермерлерге берилген жеңилдетилген насыялардын көлөмү 1 миллиард сомдон ашты деп белгиледи. “Насыялардын орточо көлөмү 200 миң сомду түзөт. Долбоорго катышкан банктар өз ишмердигин өнүктүрүүнү каалаган, мурда насыялар боюнча карызы жок болгон дыйкандарга, фермерлерге беришет. Насыя алуу үчүн заем алуучу тиешелүү документтерди чогултуп арызын берет. Насыянын жалпы көлөмүнүн 35 пайызы 250 миң сомдон ашпаган насыя түрүндө, калган 65 пайызы банктын кароосу менен берилет. Былтыркы жылы бул программага 1 млрд. сом бөлүнүп анын 634 млн. сому гана берилген. Быйыл миллиард сомдун планкасы эки ай ичинде ашырылды. Азыр насыялар көптөгөн банктар тарабынан берилип жатат жана насыянын куржуну бир нече эсе көбөйгөн. Ошондуктан фермерлерди бул долбоорго активдүү катышуусун суранам”,- деди ал.
Жолугушууга жакында ААК “Айыл-банктан” “миллиарддык” насыя алган Чүй облусунун Сокулук районунан фермер Абдигапар Шамурзаев да катышты. “Мен дыйкан чарбамды өнүктүрүү үчүн үчүнчү жолу жеңилдетилген насыя алып жатам. Бул жолу дыйканчылык иштерим үчүн 250 миң сом насыя алдым”,- деди фермер.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү