04
Февраль
2015
Тайырбек Сарпашев: Баткен облусу үчүн келечектүү багыттардын бири - тамчылатып сугарууну өнүктүрүү”
Бүгүн, 3-февралда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин катышуусунда Баткен облусунун 2014-жыл жыйынтыгын чыгаруу жана 2015-жылга карата келечек пландары боюнча коллегиясы болуп өттү.
КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жеңиш Разаков маалымдагандай, өткөн жылы токтоп турган алты өндүрүштүк ишкананын иши калыбына келтирилген.
“Алардын катарына: «Нуркен» ЖЧК, «Ормон» ЖЧК, «СК Агропласт», «Кутчу» ЖЧК, «Баткенмунайгаз» жана «Арбет жана К» компаниялары кирет», – деди Разаков. – Бул компаниялар 103 млн сомдон ашуун сомго продукция өндүрүп чыгарган».
Чиновниктин айтымында, жогоруда көрсөтүлгөн компаниялардан тышкары, Баткен облусунун аймагында жаңы сегиз ишкана: үч кирпич заводу, үч көмүр өндүрүүчү завод жана эки курулуш материалдарын өндүрүүчү ишкана ачылып, аларды курууга 73 млн сомдон ашуун инвестиция тартылган.
Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, акыркы үч жылда Өкмөт Баткен облусунун социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык өнүгүүсүнө өзгөчө көңүл бурууда. Донорлордун жана республикалык бюджеттен 300 млн доллардан ашуун каражат облустун социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө жана инфраструктурасын жакшыртууга салынган. Быйылкы жылы жергиликтүү бийлик айыл чарбаны өнүктүрүү үстүндө активдүү иш жүргүзүүсү зарыл. Өкмөт коммерциялык банктар менен биргеликте өткөн жылдагы сыяктуу эле дыйкандарга 6 млрд дейре жеңилдетилген кредит берүүнү пландаштырууда», – деди Тайырбек Сарпашев.
Ал кошумчалагандай, Баткен облусу үчүн келечектүү багыттардын бири катары тамчылатып сугарууну өнүктүрүү эсептелет. “Учурда күнөскана чарбасын жана тамчылатып сугарууну өнүктүрүү үчүн тармактык орган түзүүнүн ар-кыл варианттары каралууда»,– деп кошумчалады Биринчи вице-премьер-министр.
Жыйынтыгында Тайырбек Сарпашев Бажы биримдигине кошулуу алкагындагы Өкмөттүн келечектүү багыттары тууралуу айтып берди. Ал маалымдагандай, жакынкы арада бирдиктүү бажы аймагына кирүү маселеси боюнча жергиликтүү бийлик үчүн кайрадан консультациялык семинарлар өткөрүлөт.
КР Өкмөтүнүн Аппаратынын
Маалыматтык камсыздоо бөлүмү