13

Март

2015

Тайырбек Сарпашев акимдерге сугат суунун натыйжалуу пайдалануу маселесин жеке көзөмөлгө алууну тапшырды

Бүгүн, 12-мартта, Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Чүй облусунун Ысык-Ата, Кемин райондорунун, Нарын облусунун Ат-Башы жана Нарын райондорунун, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун, Талас облусунун Манас жана Кара-Буура райондорунун, ошондой эле Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Ноокен райондорунун акимдерин кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар жазгы-талаа иштеринин жүрүшү, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, жергиликтүү бюджетти жогорулатуу маселелерин жана акимдердин үстүбүздөгү жылга карата түзгөн пландарын талкуулады. Тайырбек Сарпашев акимдерин көңүлүн сууну натыйжалуу пайдалануу маселесине буруусун тапшырды. «Синоптиктердин болжолдоруна ылайык, быйылкы жылы өткөн жылга салыштырмалуу суу көбүрөөк болот. Эгерде быйылкы жылы дагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча иш-чаралар жүргүзүлбөсө, быйыл да суу тартыштыгы маселеси орун алуусу ыктымал, ошондуктан сиздер жер-жерлердеги суулардын топтолушун, алдардын өз убагында ишке ашырылышын көзөмөлгө алууңуздар керек. Өткөн жылкы кургакчылык бизге сабак катары болушу керек, ал катачылыктарга быйыл жол берилбеши кажет. Сугат суулардын сарпталышын төмөндөтүү максатында ирригациялык тармактарды тазалоо боюнча сапаттуу иштер жүргүзүлсүн», — деди Сарпашев акимдерге кайрылып. Биринчи вице-премьер-министр райондордун экспорттук мүмкүндүктөрүн, айыл-чарбасын жана ишкердикти жогорулатууга багытталган долбоорлорду иштеп чыгуудагы демилгесиздигин белгиледи. Сарпашев ошондой эле акимдердин дарегине райондор үчүн келечектүү багыттарды аныктай албагандыгы үчүн сын айтты. “Эмне келечектүү экендигин: спорттук залды куруу, же ичүүчү таза суу көйгөйүн алгач чечүү керектигин билбейсиңерби? Алгач ичүүчү таза суу маселесин чечүү керек. Үстүбүздөгү жылга карата пландар үстүртөн гана жазылган. Тактык киргизилген соң, кайрадан Өкмөт Аппаратынын кароосуна киргизиңиздер. Мындан тышкары, 15-мартка дейре бардык айылдык аймактар үстүбүздөгү жылга өнүгүү пландарын Аппаратка сунуштоосу тийиш», — деди ал. Сарпашев өзгөчө көңүлдү “Айыл-чарбанын каржыланышы – 3” долбоорун бекитүү тууралуу Өкмөт токтомуна бурду. “Өткөн жылкы сыяктуу эле 5 млрд сомдон ашуун жеңилдетилген кредиттерди дыйкандарга жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөргө берүүнү пландаштыруудабыз. Өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгына гана кредит берилбестен, эми үй канаттууларын жана балык чарбасын өнүктүрүүгө да кредит бериле баштамакчы. “Айыл-чарбанын каржыланышы – 3” долбоорун ишке ашыруунун кечиктирилиши кредиттерди берүүнүн айрым талаптары толукталып иштелип чыккандыгына байланыштуу орун алды. Мурда берилген кредиттердин максатсыз пайдаланылышы боюнча бирин-экин фактылар аныкталгандыктан, айрым талаптар кайрадан иштелип чыккан. Жана бул маселени сиздер калкка туура жеткирүүңүздөр керек», — деди Сарпашев. Кемин районунун акими Тынарбек Супатаев Тайырбек Сарпашевге маалымдагандай, анын планына ылайык, быйылкы жылы болжол менен 3 миң туруктуу жаңы иш ордунун түзүлүшү, мал-чарбачылык комплекстин ачылышы, пайдаланылбаган айыл чарба аянттарынын кыскартылышы, 430 га жерге 15 млн сом суммасындагы 100 миң алма багын отургузуу жана башка долбоорлор пландаштырылууда. Ысык-Ата районунун акими Бактыбек Кудайбергенов Биринчи вице-премьер-министрге 500 ашуун жаңы иш орду түзүлөөрүн жана жергиликтүү бюджет 6,1% жогорулатылаарын билдирди. Тоң районунун акими Бакыт Рыспаев билдиргендей, быйылкы жылы жергиликтүү бюджет 10% жогорулатылаарын, алма жана өрүк көчөттөрү үчүн 55 га жер бөлүнөөрүн, 30 га жерге тамчылатып сугаруу тутуму киргизилээрин жана 120 ашуун жаңы иш орду пайда болоорун билдирди. Жети-Өгүз районунун акими Калысбек Жудуев маалымдагандай, быйылкы жылы жергиликтүү бджет 10% жогорулатылаары күтүлүүдө. Мындан тышкары, чиновниктин айтымында, райондук бийлик тарабынан 500 кем эмес жаңы иш ордун түзүү пландаштырылууда. Сарпашев бардык акимдерди угуп болгон соң, аларга ар-бир айдын соңунда пландардын аткарылышы тууралуу отчет берип туруусун тапшырды.  

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү