20

Ноябрь

2014

Тайырбек Сарпашев Токтогул районунун акимине жыл аягына дейре биометрикалык маалыматын берген адамдардын санын 30 миңге дейре жеткирүүнү тапшырды

Бүгүн, 20-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Жалал-Абад облусу боюнча иш сапарынын алкагында Токтогул районундагы биометриалык маалыматтарды чогултуу процессинин жүрүшү менен таанышты.

Район акими Токтосун Бармановдун айтымында, учурда Токтогул району боюнча 1200 ашуун адам биометрикалык маалыматын тапшырган.

“Жалпысынан район боюнча 46 миң адамдын маалыматын чогултуу керек. Бирок райондо биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча жабдуулардын жетишсиздиги байкалууда. Буга байланыштуу биз дагы кошумча түрдө 10 комплекти жабдуу бөлүнүүсүн өтүнөбүз», — деп кайрылды аким Т.Сарпашевге.

Биринчи вице-премьер-министр КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисине тийиштүү тапшырманы жеринде жүктөдү.

Мындан тышкары Т.Сарпашев район жетекчилигине үстүбүздөгү жылдын аягына дейре биометрикалык маалыматын тапшырган жарандардын жалпы санын 30 миң адамга жеткирүү тапшырмасын койду.

Эскертсек, Биринчи вице-премьер-министр Токтогул шаарынын калкын тейлөө борборунда жана Токтогул райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укугун каттоо башкармалыгында биометрикалык маалыматарды чогултуунун жүрүшүн текшерди.

КР Өкмөтүнүн Аппаратынын

Маалыматтык камсыздоо бөлүмү